Электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу Тажикстандын түндүгүндөгү “Шуроб” ири көмүр кенинде иш токтоду.
Ишкана мамлекеттик компанияга 2 миллион 500 миң сомони (300 миң доллардын тегереги) карыз. Буга байланыштуу 23-29-май аралыгында электр энергиясы берилген эмес.
«Шуробдун» башкы инженери Хусейн Зоировдун айтымында, эгер көмүр кени электр энергиясынан бир күн ажыратылса, ишти калыбына келтирүү үчүн 10 күн талап кылынат. Учурда эки желдетүүчү аппарат иштен чыкты, адистер аларды калыбына келтирүү аракетинде.
Электр энергиясы өчүрүлгөн күндүн эртеси бул ишке премьер-министрдин орун басары кийлигишүүгө аргасыз болуп, жарык калыбына келтирилген. Ага карабай, ишкана көмүр казуу боюнча планды аткара алаган жок.
«Шуроб» кени негизинен Тажикстандын түндүк бөлүгүндөгү билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздайт. Ишканада жумуш калыбына келе элек, 300дөй адам маяналарын ала албай жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ