Menu

Чүйлүк аксакалдардын Президент, төрага жана премьер-министрге Кайрылуусу: “Биз Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсү деп алмаштырууга каршыбыз!”

Бөлүшүү:

Жүздөгөн кылымдарды камтыган кыргыздын карт тарыхында элибиздин келечегине кызмат өтөгөн, кыргыз жергесинде тынчтыкты, бакубат жашоону көздөгөн улуу инсандар болгон. Алардын ичинде XIX кылымдын аягында жалпы элибиздин кызыкчылыгын, биримдигин, улуттук ар намысын коргогон, өзүнүн акыйкатчылдыгы, кайрымдуулугу менен калкыбызга аты сиңген Шабдан Баатыр болгондугу белгилүү. Ошондуктан 2010-жылы Бишкек шаарындагы көчөгө Шабдан атабыздын аты коюлганда жалпы коомчулук колдогон эле. Азыркы Бишкек шаарынын мэриясы Шабдан баатыр көчөсүн “7-апрель каармандары” атына которууга демилге көтөрүп жатканы белгилүү болду. 2010-жылдын 7-апрелиндеги жалпы элдик революцияда 87 жаш жигиттерибиз чырактай жанган өмүрлөрүн элибиздин келечеги, өлкөбүздүн өсүшү үчүн курман кылышты. Тарыхый улуу инсандардын өмүр жолунан, эл үчүн кылган эмгегинен тарбия алган патриотторго түбөлүк таазим кылуу баарыбыздын парзыбыз.

7-апрелдин каармандарынын, тактап айтканда 7-апрелде шейит кеткен жигиттерибиздин арбагына (алардын арасында Шабдан баатырдын урпактары да бар) бир кылым мурун өтүп кеткен Шабдан баатырдын арбагын териштирүү, карама-каршы коюу бул Кудай, арбак да кечирбей турган, саясий жактан да чоң кемчилик иш болуп жатат. Мэриянын бул демилгеси канчалаган каражатты талап кылат. Бул жалаң эле шаардын бюджетинен эмес, ошол көчөлөрдө жайгашкан ишканалардын бардыгы өзүнүн юридикалык адресин өзгөртүүсүнө байланыштуу печатын, иш бланкаларын, түрдүү келишимдерин жана башка ошол сыяктуу көп нерселерин өзгөртүш үчүн мекеменин бюджетинен да аз эмес чыгым сарпташы керек.

Шаарыбызда, деги эле кыргыз элине, өлкөбүзгө эч бир тиешеси жок кишилердин аты коюлган көчөлөр ондоп саналат. Мисалы, Гоголь, Горький, Карпинский, Киевский жана башкалар. Ошол көчөлөргө “7-апрель каармандары” атын берсе туура болот. Эң орчундуусу мэриянын бул сунушун болгону 2%дан аз эл колдоп, калгандары каршы болуп турган кезде, көчөлөрдүн атын өзгөртүү чечими кабыл алынса, эл бул ишти жаңы шайланган президенттин демилгеси катары кабыл алат да, Бишкек шаарынын тургундарынын арасында гана эмес, жалпы Кыргызстандын калкын экиге бөлүп-жарган чагымчыл саясат болуп, кырдаалдын чыңалуусуна, саясий тирешүүгө алып келиши мүмкүн.

Кайрылууга кол койгондор:

1. А. Жумагулов, Чүй облусунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы,

2. Б. Жанузаков, отставкадагы генерал-лейтенант,

3. А. Абдурашитов, КРСУнун профессору, экономика илимдеринин доктору,

4. А. Абдыкалыков, Кыргыз Эл артиста,

5. К. Бакиров, КРнын Жол транспорт тармагынын ардагери,

6. Т. Дүйшеев, Жол транспорт тармагына Эмгек сиңирген кызматкер,

7. Р. Проскурякова, Чүй облусунун Аламүдүн районунун ардагери,

8. М. Туркменов, Токмок шаарынын ардагери,

9. А. Абдыкеев, Жайыл районунун ардагери,

10. Т. Маралбаев, Кемин районунун ардагери,

11. К. Асанкулов, Панфилов районунун ардагери,

12. Ж. Усубалиев , Чүй облусунун ардагери,

13. С. Осмоналиев , Ысык-Ата районунун ардагери,

14. С. Садабаев, Сокулук районунун ардагери,

15. Н. Юрченко, Москва районунун ардагери,

16. К. А. Дүйшебаев, генерал-лейтенант, “Сарбагыш-Тагай бий уулу”,

17. О.Алымжанов, коомдук ишмер,

18 Т.Алымбеков, жолчу ардагер,

19. С.Жетимишов, ардагер юрист,

20. А.Молдоканов, ардагер журналист,

21. К.Жусупов, ардагер,

22. Ж.Имаш уулу,

23. Н.Одуракаев, коомдук ишмер,

24. М.Абылов, коомдук ишмер,

25. А.Алымжанов, юрист,

26 “Кемин ынтымак” коому.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: