Menu

Сыймык эмне, “баатырың” ким Кыргызстан?!

Бөлүшүү:

Шералы Назаркулов майданда көз жумду эле…

…Алгачкысы болгону үчүнбү, айтор, 2005-жылкы март элдик төңкөрүшүнөн кийинки биринчи күндөрү өлкөдө адилеттик салтанат кургандай романтикалуу маанай жаралган. Ошол дем менен  коомчулукта “Кыргыз Республикасынын Баатырлыгы” тууралуу да ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып жатты.  Анын күүсүндө биз Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде баатырдык наамга 2002-жылы саясый ачкачылыктан көз жумган экономист-публицист Шералы Назаркуловду сунуштап, ошого байланыштуу пикирлерди, анан да маркумдун “Конституция калиф-на час” сыяктуу орус тилиндеги саясый макалаларын кыргызчага которуп, сандан санга жарыяладык. ( Журналист Абдираим Мамытов которгон).

Үзөңгү-Куушту КЭРге өткөргөн келишимге каршы чыккан ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун өчөгүштүктө мыйзамсыз камалышы, аны эркиндикке чыгаруу талабы менен саясый ачкачылык жарыялаган Шералы Назаркуловдун өлүмү, андан соң Аксыда алты азаматтын атылышы сыяктуу кайгылуу окуялар 2005-жылга келгенде Акаевдин жек-жаатчыл бийлигинин куулушуна негизги түрткү болбоду беле… Шералы Назаркулов кокусунан кампанияга аралашып калган, же болбосо акылын, билимин керт башы үчүн эле пайдаланып жүргөн жөн салды бирөө эмес, мамлекет, улут тагдырына чын дилден түйшөлгөн, Кыргызстандын саясый башкаруу системасын реформалоо, экономикасын өстүрүү тууралуу маанилүү макалаларды жазып, оригиналдуу ой-сунуштарын айтып келген, коомдук-саясый кыймылдарга активдүү катышып, ар качан калыстыкты бек кармаган, чынчыл, патриот, абийирдүү, интеллектуал инсан эле. Ал бир мамлекеттик кызматка жетсем, же мамлекеттен кандайдыр сыйлык, наам алсам деп ак эткенден так эткен, мамлекеттин (демек, элдин) эсебинен жашасам деп жанталпаска түшкөн, элге-журтка анча-мынча кызматы өтсө, ошону колко кылган   кыргыздын көп “кыйындарынын” бири эмес эле… Ал инсандын коом, мамлекет алдындагы жоопкерчилигин сергек туюп, анын астында өзүн карыздар сезген чыныгы интеллигент болчу.

Назаркулов саясый ачкачылыкта – акыйкаттык үчүн болгон тең эмес күрөштө акыр аягына чейин позициясында туруп, б.а. майданда көз жумду. Жылуу төшөктө жатып арзыматчылык кылгандарга, болбосо, өмүр бою мамлекеттин эсебинен шаан-шөкөт жасагандарга карап бакканда, баатыр наамы ага жарашып калып атпайбы…  Ушуларды көңүлгө алып, жаштык максимализм түрткүсүндө Шералы Назаркуловду “баатырлыкка” чын дилден сунуштаганбыз. Арийне, биздин демилгеге коомчулук деле, “жогору жак”  деле көңул бурбады. Ошол жылы ал наам маркум Абсамат Масалиевге ыйгарылды окшойт.

Эми ойлосок,  Шералы Назаркуловго баатыр наамы берилбегени ырас  болгон экен. Ал тирүүсүндө мамлекетке, элге, коомго материалдык да, моралдык да эч бир залалын тийгизген жан эмес эле. Өлгөндөн кийин деле зыянын тийгизбей, таза турпатында  калганы абийир эмеспи. Дегенибиз,  мамлекет бу   “баатыр” аталмыштардын тирүүсүндө пенсиясын көбөйтүп, өлсө эстелигин тургузуп, ж.б. чыгымдалып эле тим болбой, андан ары да 100, 110 жылдык деп, ар беш-он жыл сайын юбилейлерин өткөрүп, зыян тартат, убара чегет. Мисалы, быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин белгилемек болуп атышпайбы. (Эгерде Жусуп Абдырахмановдун, жок дегенде Кубанычбек Нурбековдун мааракеси болсо  башка кеп! Болбосо, Салижан Жигитовдун туулган күнү белгиленип, ошонун шылтоосу менен китептери чыгып, кыргызды безге сайып, намыска чыкыргын таасын акыл-ойлору   талкууланса, коомго анча-мынча сабак, аз да болсо пайда эле го!?). Демек, аны “татыктуу” өткөзүү үчүн мугалимдерине татыктуу акы төлөй албаган кембагал өлкөнүн казынасынан, эл эсебинен каражат коротулат. Тим эле, Усубалиев туулбай калса, Кыргызстан жок болуп кетмекчидей элес туудуруп, апыртма-жалганга чыланган, коомдук эс-акылды тумандатаар оосар, жасакер сөздөр сүйлөнөт…

Элге “баары бир”

…1986-жылдын жазы болчу. Чөлдөн ооруп келген атам Улукбек ортоңку үйүбүздүн (бөлмөнүн) төр жагында кынтайып жаткан. ( Атам бу кезде Аравандагы Жданов колхозунун жылкы ферма башчысы болуп иштечү). А бурчтагы радиоприемниктен бирөө сүйлөп жатат эле. Ошону тыңшап жаткан атам “эми иштен кеткенден кийин жамандабай эле коюшпайбы…” деп өзүнчө сүйлөнүп калды. Негедир кызыга түшүп, “кимди жамандап атышат, ака?” (атамы “ака” дечүмүн) десем, “Усубалиевди жамандап атышпайбы” деди. Бөлмөдө экөөбүз эле болчубуз.

Балалыктагы көп нерсе эсте калбайт эмеспи. Анүстүнө 5-класстын окуучусунун Усубалиев менен чатагы канча? Маани бербесем деле эмнегедир ошол ирмем, атамдын тигил айтканы жадымда сакталып калыптыр. Кийин эс тарткан кезде эстеп, ал Турдакун Усубалиев КП БКнын биринчи катчылыгынан  алынган  учур окшойт. Анын ордуна келген Абсамат Масалиев кайсы бир чогулушта кечээги биринчини сындап доклад жасаганбы, же башка бирөө сүйлөп атканбы, иши кылып, кыргыз радиосунан Усубалиевди жамандаган сөз уктурулуп жаткан го деп ойлоп калдым. (2000-жылдары парламент депутаттары болгон Усубалиев, Масалиев аксакалдарга   учурап жүрдүм. Абсамат Масалиевден интервью да алдым…).

Эки аксакал тең кызматтан эле эмес, бу жарыкчылыктан дагы кеткен учурда алардын саясый ишмердигине карата сын айтуу, ыраматылык атам айткандай, “жамандаганга” жатпас. Анан калса, өздөрүн өздөрү “баатыр” атап, “алтын жылдызды” төштөрүнө өздөрү тагып албаган соң, Кыргыз Республикасынын Баатыры аталгандыгы үчүн Усубалиев, Масалиев аксакал баштаган  “баатыр” кыргыздарды айыптай албайсың.

Дегинкиси, бүгүн биротоло коомдук баркы кетип бүткөндүктөн, бу өтө жогорку мамсыйлык – баатырлык наам Усубалиев менен Масалиевге берилеби, же Атамбаевге ыйгарылабы (же кайра алынабы?), болбосо, сөз башында какшык иретинде   айтылгандай, кыргыздын жарымын “баатыр” деп тизип алабызбы – калың караламан үчүн мааниси жок, Тата Улан ырдамакчы, көпчүлүк элге “баары бир”.  А эми  “баатырлык” наам быякта турсун, бийликтен Ардак грамота да үмүт этип, арзуу  кылбаган, анын баарын накта адамдык абийир-намыс менен акыйкат-адилдик астында түккө турбаган азгырык катары эсептеген, мындан чыкты, чоңдордун колу менен берилчү сыйлык-мыйлыкка илешсем деп түн уйкусун бөлүп түйшөлгөндөрдү саал мыскыл менен караган биздей азчылык үчүн – эки жолу “баары бир”!

Кээ бир “баатырлардын” коомдук-саясый ишмердигине аз-маз назар салган болсок, тек, ал – кыргыз коому инсандын коомдук-саясый ишмердигин, улут алдындагы тарыхый жоопкерчилигин баалап, таразалоодо акыйкаттан алыс, тайыз жоромолду сап кармаган, көөдөк  көз караш, тайкы түшүнүктөрүнөн арылса деген ниеттен чыккан иш.  Асыресе, кыргыз интеллигенциясы улуттук кызыкчылык деген кандай түшүнүк, эрдик эмне, намыс эмне, чындык кайда – айрый алса, акыл-эсин бүлөп,  арына келсе, жасалмалуулук менен табигыйлыкты ажырата билсе… күнүмдүк менен эле оролошпой, арканды узун таштап,  келечекти көздөп, эртеңки муундун тарбия-таалимин да көңүлгө түйсө дегенибиз…

Демек, кепти кайра улантууга туура келет.

“Атаңдын көрү!  Эр Манас партияда жок эле…”

Айтса, “баатырлык” – кыргыздагы жасалма даңктын башы, чокусу! Андан этектей, дагы да мамлекеттик деп аталган толгон-токой наам, орден-медал, сыйлыктар бар эмеспи… Ар тармактын өзүнчө “ишмер” наамы болсо да,  “маданиятка эмгек сиңирген ишмер”, “эл акыны”, “эл жазуучусу”, “эл артисти” делген ардак наамдар, анан Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык маданият-адабият салаасындагылар үчүн өзгөчө сүйгүнчүк, ашепке “даңазалуу”. (Айтса, “эмгек синирген юрист”, “эмгек сиңирген экономист” сындуу наам ыроолончулар адатта пара алып, же уурдап, көрдүйнө топтой турган “майлуу-сүттүү” тармактардагылар эмеспи. Алар ошонусу менен алаксып, же сооронуп, кургак мамнаамга “маданиятчы-адабиятчыларчылап” үзүлүп тушпөйт көрүнөт.)

Кыргыз заманавий искусство, көркөм өнөр адамдарынын ич ара ынтымагынын жоктугу, чөйрөсүндө ырынан чырынын көптүгү жайында арбын айтылып жүрбөйбү. Бу жаатта айрыкча рух-эстин “кайраткерлери” – жазуучу-акын журтчулугу популярдуу. Алардын арасындагы ыйкы-тыйкылык  далайга дайын. Мисалы, адабият майданындагылардын  арасында адеп Тыныстанов-Токомбаеав деп башталып,   андан ары Токомбаев-Сыдыкбеков, Токомбаев-Сыдыкбеков-Айтматов, Айтматов-Салиев болуп уланган араз таржымалы   караламанга чейин уу-дуу кеп болуп, аңызга айланган. Бул эми дөө-шаалар кармашы. Ачыкка чыкпаган майда-чүйдөсү канча? А кечээ кийин бу кутумдук салтын Асанбек Стамов, Омор Султановдор улантты окшойт. Иши кылып, бири бирин жектеп касташмай, топ-топ болуп уюшуп, каралашмай акын-жазуучу калкынын арасында ушу бүгүнгө чейин басылбай келатат. Дегеле, кыргыз улуттук жазуучулар союзу уюшулгандан тарта кутум, ич ара ыркырашмайсыз күн көрө элек болсо керек.

…Улуу өктөбүр төңкөрүшүнүн, марксистик-лениндик улут саясатынын шарапаты менен  профессионал жазма адабият, искусство калыптанганга чейин көркөм адабияттын да, театрдын, филармониянын да озуйпасын күжүм (бүт) бойдон төкмө акындар, жомокчу, манасчы, санжырачылар аткарып, элдин маданий-эстетикалык муктаждыгын ошолор канааттандырып, рухий кумарын ошолор кандырган эмеспи. Байкасак, алар өздөрүнүн ыр, дастан, жомок, күүсү менен эле эмес, жүрүш-турушу, адамгерчилиги, адеби менен да элге өрнөктүү  үлгү көрсөтө билишиптир. Бизге жеткенден, Балыкооздон берки бүт манасчылар, андан соңку   Жеңижок баштаган акындар өз ара аябай ынтымактуу жашап, керек болсо, бири-бирине жөлөк-таяныч болуп, кубаныч-кайгыны тең бөлүшкөнү маалым.  Кичиги улугуна шакирт түшүп, өнөрүн үйрөнүптүр. Анан шакирти устатынын алдынан кыя баспай, өмүр бою сыйлап, урматтап өтүптүр. Акындары ээрчише эл аралап, аш-тойлордо кезектешип алым сабак айтышыптыр. (Эми анча-мынча акмагы, “ал” десе, “афф” деп беттен алган эшик ырчысы деле болгон дегилечи. Бирок, алар тигил алптардын көлөкөсүндө калып, элге алынган эмес да).  Маселен, акындык, комузчулук өнөрдүн залкарлары Жеңижок, Токтогул, Ниязалы, Эшмамбет, Корголдордун ынтымак, достугу тууралуу алигиче узун сабак аңыздалат. Мен муну ошол залкарлардын уучун улаган, алардын өмүр таржымалын жакшы билген, төкмөлүк-обончулук өнөрдүн азыркы шаасы Элмирбек Иманалиевден атайылап сурап, жана бир тактадым.

Бирок, совет заманы келип, көпчүлүгү эки ариптин башын кошо албаган акын-жомокчулардын ордун сабаттуу  акын-жазуучулар ээлеп, профессионал адабият калыптанары менен эле булардын арасында баштагылардын адеби, ынтымак, сыйы жоголот.  Өнөрлүүлөрдүн өрнөктүү наркы бузулуп,  кээрине кетет. Устат-шакирт салты жылас болуп, улуу-кичүү дебей кыргыз акын-жазуучуларынын арасында күнүлүк, ачык, тымызын касташуу адатка айланат…

Кыргыздын Кыдыр даарыган адамдарын  кайсы кара теке сүзгөн? Эмнеликтен антип тескери жолойго түшкөн?

Улуу манасчы Саякбай бир кысталышта: “Атаңдын көрү, дүнүйө… Эр Манас партияда жок эле!” деген экен го…  Анын сыңары,   Жеңижок, Токтогулдардын маалында кам көрүү менен бирге адабиятты, көркөм өнөрдү  партиялык бийликтин  жарчысына айланткан, анан жазуучу калкын коммунисттик идеологиянын тегерегинде чарк айландыру үчүн ар кандай сыйлык, наам – сый-ургалды ойлоп тапкан мамлекет жок эле. Акын-жазуучунун жазганын идеологиялык принцип менен ылгап, алакчылап, жаккан жазуучусунун төшүнө орден-медаль таккан, наам берген, ошол наамына жараша пул төлөп, төргө өткөргөн партияң да, партиялык бийлигиң да жок эмес беле?..  Акын, өнөрпоздор ырдас, элге ырдаган, алардын талант-шыгына, акыл-парасатына  бааны берсе эл берген. (Эл акыны деген ошол эмеспи!). Кыскасы, көркөм өнөр дегениң тээ атамзамандан келаткан түпкүлүктүү уркунда, табийгый кызматында болчу.

(уландысы бар)

Абдувахаб Мониев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: