Өмүрбек Текебаев бийлик менен кызматташууга даяр экенин айтты, бул билдирүүнү ар ким акылына жараша чечмелешсе керек. Бирок саясат сымаптай өзгөрүлмө экенин эскерте кетмекчибиз. Жогорку сот Текебаевдин соттолгондугун алып салгандан кийин акталуу жолунда күрөшө турганы мыйзам ченемдүүлүк. Мындай шартта бийлик менен кызматташуу керек. Ал эми чындыкка жеткенден кийин коомдогу көрүнүштөрдү Өмүрбек Чиркешович көрмөксөнгө сала албайт. Табиятынан оппозиционер каарманыбыз жыл айланбай кара жаак сымал баарын ачыктап, өзгөчө бийлик башындагылардын кемчиликтерин айтып турбаса, анда аты өчөт да. Демек, Текебаевдин “кызматташуусу” убактылуу гана, ал түпкүлүгүндө элге жага турган саясат менен “ойнойт”. Жол баштайт, акыл үйрөтөт, алдууларды адаштырат, ж.б.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ