Menu

Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков республикабыздын журналисттерин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

»Урматтуу маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлери! Кымбаттуу журналисттер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө чоң таасир этүү менен өнүккөн жарандык коомдун эң маанилүү бөлүгү болуп калды. Алар жарандарыбыздын көйгөйлөрү менен жашап, окуялар агымынан калышпай ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды ыкчам алууга көмөктөшөт.

Бийлик менен басма сөз ортосундагы ачык диалог — биздин ишибиздин ажырагыс бөлүгү. Жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу механизмин элестетүү мүмкүн эмес.

Журналисттер дүйнөлүк коомчулуктагы Кыргызстандын позитивдүү образын калыптандырууга активдүү көмөктөшөт деп ишенем.

Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга, бардык мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган реформаларды ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосун баалайбыз жана ага таянабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык кызматкерлерине бакыт-таалай, ден-соолук, бакубатчылык жана коом тарабынан татыктуу бааланган чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: