Menu

Фото – УКМК: Согуш аракеттери болуп жаткан аймактарга рекруттарды жөнөткөн кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте контртеррористтик иш чаралардын жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөзүүдө коопсуздукту камсыздоонун алкагында Сириядагы согуш аракеттерине катышып жаткан Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү боюнча атайын каналынын иши токтотулду.

Такталган боюнча, КР жарандары О.Н. жана Ш.Н. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерилеринин (МЧК) колдоосу менен, аларга жең ичинен акча берүү жолу аркылуу жоопкерчиликтен качып жүргөн адамдардын документтерине, чек араны кесип өтүүсү үчүн уруксаат берүүчү мөөрдү мыйзамсыз түрдө басып турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында буга окшош 7 факты аныктады. Мындан сырткары дагы 10 факт текшерилүүдө.

Алсак, быйылкы жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн ЭТУ мүчөсү болгон коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынын паспортуна мөөр басып жаткан жеринен МЧК кызматкери С.М. кармалды.

Бул фактылардын негизинде МУКК КР Кылмыш-жаза кодексинин  304-беренесинин 2-бөлүгү, 313-1-беренесинин 2-бөлүгү, 315-беренесинин 2-бөлүгү, 350-беренесинин 6-бөлүгү, 204-1-беренесинин 2-бөлүгү, 30-беренеси жана 346-беренесинин 2-бөлүгү боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү камакка алынды, тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: