Menu

Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча Курсан Асанов күбө катары сотко чакырылып, көрсөтмө берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кезектеги сот отуруму болууда. Сотко бүгүн ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов күбө катары чакырылып, көрсөтмө берди.

Ал сотто “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотоновду, Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матеновду, ИИМ министринин мурунку биринчи орун басары Бакыт Алымбековду жана мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду 2010-жылдын 13-майында (ал учурда К. Асанов Оштогу облусттук ички иштер башкармалыгын жетектеген – авт.) Оштон тосуп алганын айтты. Алар самолет менен күндүз учуп барышканын, бирок, убактысы эсинде жоктугун кошумчалады.

Эскерте кетсек, Орусиялык экс-депутат Маевский  «Альфа Телеком» («Мегаком») ЖАКтын акциясынын суммасын макулдашууга 2010-жылы, 13-майда Бишкектеги «Супара» ресторанында Текебаев менен Чотоновго жолугушуп пара бергенин айткан. Анын көрсөтмөсүнүн негизинде андагы ажо Атамбаевдин буйругу менен Дүйшөн Чотонов сегиз жылга кесилген. Быйыл, 29-августта соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: