Menu

Индира Кудайбергенова, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын ректору: “Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт”

Бөлүшүү:

 

– Индира Орозбаевна, сиздин ректор болуп дайындалганыңызга саналуу гана ай болду. Бирок мурунку ректор Аширали Зурдинов баш болгон бир катар окутуучулар сиздин кадрларды куугунтуктап жатканыңыз тууралуу маалымат жыйын өткөзүп айтышты эле. Чын эле куугунтук жүрүп жатабы?

– Туура, менин ректор болгонума бир аз гана убакыт болду. Буюрса Медициналык академиянын эл аралык деңгээлде аброюн көтөрүү багытында жакшы тилек, максат менен иш жүргүзүп жатабыз. Келе калып эле кадрларды куугунтуктап жатат деген чындыктан алыс. Бүгүнкү күндө баары жакшынакай эле иштешүүдө. Эч ким кызматтан кеткен жок.

– Анда эмне себептен иштен кетирип жатат деген сөздөр айтылды…

– Эми менин ректор болуп келишим кайсы бир деңгээлде айрымдардын көз карашына туура келбеген чыгаар. Албетте, маалымат жыйын өткөргөндөр эмоционалдуу түрдө пикирлерин айтышты. Негизи алар конкреттүү түрдө клиникада, кафедрада иштешет.  Башка университеттерден айырмаланып, биздин академиянын декандары көбүнчө кафедраларда иштешет.  Негизги жумушу ошондой. Түштөн кийин гана деканатта иш жүргүзөт. Декандык кызмат үчүн айлыгына 500 сомдон 1200 сомго чейин кошулат.  Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн баары өздөрү иштеп жүрүшкөн кафедраларда калышты. Болгону декандык кызматтарын гана өткөрүп беришти. Азыр талапты катуулатып жатам.  Талап болбосо иш алга жылбайт.

– Демек декандык кызматтан кетишкенине нааразы экен да?

– Алар баары бир декандык кызматтан кетээрин билишчү. Жыл аягында келишимдери бүтмөк. Мени премьер-министр Сооронбай Шарипович ректорлук кызматка дайындаганда академиянын техникалык базасын, билим берүү сапатын эл аралык талапка жоо берген деңгээлге көтөрүү талабын койду. Мен ал үчүн иштин көзүн билген команда топтоп иш алып барышым керек да. Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка төп келген техникалык базаны, башкача айтканда медициналык жабдууларды жаңылоо, окуу программасын эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мындай иш буга чейин деле жүрүп келген. Бирок биз бул ишти ыкчам анан сапаттуу жүргүзүү максатында иш алып баруудабыз. Ушул жерден жөнөкөй эле бир мисал айта кетейин, биз өзүбүз ден соолукту чыңдоо, ага кам көрүүгө үндөп келебиз да, өзүбүздүн студенттер үчүн спорттук аянтчабыз жок. Мына ушул кемчиликти жоюп, студенттерге шарт түзүп, спорттук аянтча курганы жатабыз. Учурда долбоору даяр болду. Жакын арада иш башталат. Илимий, техникалык, диагностикалык, лабораториялык базаларды жаңылоо, билим берүү сапатын көтөрүү багытында да бир катар долбоорлордун үстүндө иш алып барып жатабыз. Кудай буюрса, Медакадемия жаңы сапаттык бийик деңгээлге көтөрүлөт.

– Медициналык академия коррупцияга батып кеткен деген сын-пикирлерге кошуласызбы?

– Коррупцияга батып кетти дегенден алысмын. Албетте, кемчиликтер бар. Иш бар жерде кемчилик болот. Бирок биз Кудай буюрса академияны ар кандай сындан арылтып аброюн көтөрөбүз деп ишеничтүү айта алам.

Мына бүгүнкү күндө академияга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн жалпы республикалык тесттен жогорку балл алгандар кабыл алынат. Абитуриенттер тесттен алган баллы көрсөтүлгөн талон менен келишип, өздөрү каалаган факультетке тапшырышат. Жогорку балл алгандар эч тоскоолдуксуз өтөт. Биз өз алдыбызча сынак албайбыз. Демек абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда маселе жок.

Ал эми студенттердин билим алуу, сынак тапшыруу маселесинде көйгөйлөр болушу мүмкүн. Биз ушул жагдайга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Студенттердин кайсы предметтер боюнча ийгиликтүү сынак тапшырды, кайсы сабактан аксап жетише албай жатат, баарын көрүп-билип туруу үчүн электрондук сынак китепче онлайн системасын киргизип, көзөмөлдү күчөтөлү  деген максатта иш жүрүп жатат. Ар бир деканат кайсы студент кайсы кафедрадан сабактарына жетише албай жатат, сабакка катышуусу кандай, баарын онлайн системасынан көрүп, анализдеп турат. Эмне үчүн биз буга баруудабыз? Мурун биз окуп жүргөндө экзамен тапшыра албай калсак бир жолу кайра тапшырууга уруксат берилчү. Тапшырсаң тапшырдың, тапшыра албасаң кулачусуң. Азыр кандай? Экзаменден кулаган студент,  качан сынактан өтмөйүн кайра-кайра экзамен тапшыра берет.  Мындай болбош керек да. Анткени бул нерсе студентти баары бир тапшырам да деген көңүл коштук, кайдигерлик, кенебестикке түртөт. Биз ушул кемчиликти түзөп, экзамен тапшыра албай калган студентке эки жолу кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берип, үчүнчүсүндө кулай турган кылып жоопкерчиликти күчөтүп, окууга олуттуу мамиле кылууга үндөп жатабыз.  Анткени адам өмүрүн сактоочу келечектеги врачтар ар дайым сабакка калтырбай катышып, окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого милдеттүү. Ага эрки жетпесе, башка кесипти тандашы керек.

– Акча алып экзамендерден өткөрүп койгон окутуучуларга болгон талап кандай?

– Студенттерге кандай талап катуу болсо, окутуучуларга болгон талап да күчөтүлөт. Ким кайсы предметтен сабак берсе, өз убагында программадан калбай лекция, сабактарын үзбөй өтүүгө милдеттүү. Эгер кайсы бир окутуучунун экзаменден акча алганы туурасында маалымат уксам, анын илимдин доктору, профессор экенине карабай кызматтан кетет. Мен андайлар менен акыйлашып отурбайм. Академияда коррупцияга жол ачкандарга орун жок. Албетте, студенттерден акча албаш үчүн окутуучулардын айлык-маянасын көтөрүү керек. Алар эч нерсеге алаксыбай, кайдан акча табам деп майда-барат күнүмдүк тиричиликке байланбай, студенттерге татыктуу билим бериши керек. Ошондо гана биз сапаттуу кадрларды даярдап чыгабыз. Биз бул багытта иш жүргүзүп, кызматкерлердин айлыгын бир аз көтөрдүк. Кудай буюрса окутуучулардын айлыктары жетишээрлик деңгээлге көтөрүлөт. Биздин окутуучу доценттер, профессорлор, илимдин кандидаттары, докторлору аябай күчтүү, тажрыйбалуу адистер. Жалгыз кишинин колунан эч нерсе келбейт, мен ойлойм биргелешип, академиянын аброюн көтөрөбүз деп.

– Эми жеке өзүңүзгө байланышкан суроолорго токтолсок. Сиз проректор болуп иштеп турганыңызда чет элдик 1-курстун студенти алтынчы бүтүрүүчү курска которулуп, диплом алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Ушул туурасында эмне айта аласыз?

– Бул иш мен 2000-2001-жылдары 1-проректор болуп иштеп турганда болгон дешип жазышты. Ал учурда биздин академияга которулуп келген чет элдик студенттердин документтери эл аралык мамилелер боюнча проректордон өткөн.  Мен окуу иштерине жооп берчүмүн. Ал эми дипломдогу коюлган кол чындыгында менин колума абдан окшош. Бирок ал колду мен койдум беле же башкалар жасап коюшканбы далилдөө өтө кыйын. Андан бери 16 жыл өттү. Бирок мен ачык айтып коеюн, Кудай турат диплом жасаган ишке аралашкан эмесмин. Мен мындай иштерден өзүмдү оолак кармайм.

– 2011-жылы сиздин жеке менчик онкологиялык борбордо дарыланып жаткан Акмат Бакиев качып чоң чуу чыккан. Бул ишке сиздин тиешеңиз болушу мүмкүн деген шек жаралган…

– Менин Акмат Бакиев менен жеке эч кандай тааныштыгым болгон эмес. Мага ошол кезде 15 жыл Акмат Бакиевди дарылап келген врач чалган. Ал жатак колониясынан Акмат Бакиев ооруп келгенин, аны жаткырып дарылаш керектигин билдирди. Мен ал ооруп келиптирби десем “ооба” деди. Мен ооруп келген адамды дарылабай баш тартууга сенин да, менин да укугум жок, жаткырып дарылоо керек  дегенди айткам. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев президент болгонго чейин эле онкологиялык борбордо дарыланып келиптир. Ал эми анын качып кеткени мага да таң калычтуу болду. Бизге эч ким анын кайтарууда экенин айтышкан эмес. Кайтарып жүрүшкөн эч кимди көргөн эмеспиз. Биз оорулуу адамды кайтарбайбыз  дарылайбыз. Керек болсо Акмат Бакиев дарыланган акчасын төлөбөй кеткен. Бул иште биздин эч кандай күнөө жок. Бул туурасында учурунда да айткам.

– Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен жакын курбу, ынак мамиледе болгон деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Чынын айтайын, жакын, ынак болмок түгүл сүйлөшүп көргөн эмесмин. Телевизордон гана көрүп калаганым болбосо, жакындан тааныбайм. Кайдан жүрүп курбу кылып жатышканына түшүнбөйм.  Мени билбей туруп, мен жөнүндө тескери маалымат жазгандарды кудай өзү кечирсин. Башка эч нерсе деп айта албайм.

– Медакадемияга тиешелүү жерди, имаратты сатып жиберген деген маалымат чыкты эле…

– Ушундай маалымат чыккандан кийин прокуратурадан келип текшеришти. Менин жер же имарат сатканым боюнча эч бир документ таба алышкан жок. Мен эч кандай академияга тиешелүү жер же имарат сатпасам, анан кайдагы документти табышмак эле. Мен болгону академиянын аймагына жайгашкан сулуулук салонуна ижара акысын төлөө боюнча келишимге кол коюптурмун. Башкы прокуратура текшергенде сулуулук салону 2008-жылдан бери ижара акысын төлөбөгөнү ачыкка чыгып,  академияга 200 миң сомдон ашык каражатты төлөй турган болду. Демек прокуратуранын текшергени тескерисинче пайда болду. Мен учурда Медакадемиянын клиникалык базасын түзгөнгө имарат таппай жатам. Анан кайсы имаратты сатабыз? Бош имарат болсо бизге бергиле, биз клиникалык база түзүп, студенттердин окуу шартын, билим сапатын жогорулаталы деп чуркап жүрөм.

– Эмне себептен премьер-министр ректор шайлоодо биринчи орунду алган эмес, үчүнчү орун алган сизди ректор кылып дайындады деп ойлойсуз?

– Эми бул жерде эч сыр жок. Жобо боюнча ректор болуп биринчи орунду алган эмес, көп добуш алган үч кишинин бирөө дайындалыш керек деп жазылып турат.  Ал эми эмне себептен мени дайындаганын премьер-министрдин өзүнөн сураш керек го. Бирок мен бир нерсени так айта алам, мен ректор болом деп кимдир бирөөгө бир нерсе бергеним жок. Эч ким менден эч нерсе сураган да жок. Анткени менин бирөөгө бир нерсе сунуштабай турганымды, бирөөдөн бир нерсе албай турганымды, сырымды билгендер жакшы түшүнүшөт. 

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: