Бүгүн, 7-июнда саат 10.00.гө ИИМдин тергөө кызматына мурунку Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев абактагы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Сурак 2 сааттан ашык жүргөндөн кийин түшкү эс алуу үчүн 2 сааттык тыныгуу жарыяланган. Тыныгуудан кайтып келатып, Зарылбек Рысалиев сыртта эле өзүн жаман сезип, ага “тез жардам” кызматы чакырылган. Депутат атайын ооруканага жеткирилип, ал азыр врачтардын көзөмөлүндө.
Экс-министр Зарылбек Рысалиев тергөөчүнүн кабинетинде, сурак учурунда өзүн жаман сезгени, ал 48 саатка кармалганы жана анын палатасын милициялар кайтарып жатканы тууралу таратылып жаткан маалыматтар туура эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ