Menu

12,5 жылга кесилип, үй камагына чыгарылып, кайра камалаарда жоголгон Алмаматовдун иши боюнча прокурор Белек Рыскулов кызматынан алынды

Бөлүшүү:

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор Белек Рыскулов кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Башкы прокуратуранын өкүлү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, прокурор Белек Рыскулов качып кеткен Алмаматовдун иши боюнча кызматынан алынган. Белек Рыскулов кылмыш иши экинчи инстанцияда, Бишкек шаардык сотто каралып жатканда мамлекеттик айыптоочу-прокурор болуп туруп, соттон Алмаматовду үй камагына чыгарууну суранган. Сот прокурордун өтүнүчүн эске алып, Насирбек Алмаматовду үй камагына чыгарганда, ал качып кеткен.

Эске сала кетсек, УКМК Насирбек Алмаматовду «автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө (ал автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда күнүгө 100 миң сомго чейин пара алып турган деп айыпталган – авт.) коррупциялык схема түзгөн» деп айыптап, атайын видеотасманы жарыялаган. Ошонун негизинде, ал 2018-жылдын 2-ноябрында кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук соту 25-мартта карап, 12,5 жылга кескен. Бирок, Бишкек шаардык соту 9-июлунда ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен аны үй камагына чыгарган. Кийин Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз жазган. 30-октябрда Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун жарыялаган өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку Соттун чечими менен Н. Алмаматов кайра камалышы керек болчу. Кайра камалаарда ал жоголуп кетип, ага издөө жарыяланган. Ага алгач Кыргызстанда, андан кийин КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: