Бүгүн, 2-сентябрга карата өлкөдө сутка ичинде коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1060.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 44036 адамга жетти. Өткөн суткада 246 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 38 миң 895 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ