Тажикстанда почта кызматтарын көрсөткөн эл аралык DHL, TNT, UPS жана Pony Express компанияларынын иши белгисиз убакытка чейин токтотулду.
DHL немис компаниясынын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери 1-июндан тарта аларга жарандардын каттарын жеткирүү менен алектенүүгө тыюу салынганын айтты. «Кечээ бизге өлкөнүн Байланыш кызматынан эскертүү каты келди. Анда компаниянын иши ал кайрадан расмий каттоодон өткөнчө токтотулганы жазылган», – деди ал.
Өлкөнүн Байланыш кызматынын өкүлү Илхом Атоев аталган компаниялардын ишинин токтотулушу «Белгилүү бир ишмердүүлүк түрлөрүн лицензиялоо жөнүндөгү» мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу экенин билдирди. Мыйзамга ылайык, почта кызматтарын аткарган компаниялар уруксат кагаз алууга милдеттүү болуп калышкан. «Мыйзамды бардыгы аткарышы керек. Ал компаниялар лицензия алуу үчүн Байланыш кызматына кайрылышы зарыл», – деди ал.
Мыйзамга ылайык, лицензияны тажик өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы берет. Буга чейин өлкөдө почта ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынчу эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ