Menu

Кантөрө Шарипов инсульт алса, ооруканадагы Акибаевдин абалынан Сапар Исаков кабар алды

Бөлүшүү:

Жакында Жээнбековдор династиясынын эң улуусу Кантөрө Шарипов (Жалал-Абаддагы жеке менчик окуу жайдын жетекчиси) жүрөгүнөн инсульт алып, Акүйгө караштуу атайын ооруканага түшүп калды. Капыстан келген кесел Жээнбековдордун баарын чочулатып, алыскы Арабиядагы элчи Жусупбек Шарипов баш болуп агасынын жанына келишип, өзүнө келгиче жанында болушту. Каарманыбыздын учурда абалы жакшырып, эми-эми өзүнө келүүдө. Ооруканага түшкөндөн ушул ирмемдерге чейин экс-спикер Асылбек Жээнбеков атасындай болгон биртууганынын жанынан чыкпай, күйпөлөктөгөн тейде кирпик ирмебей күзөттө болууда. Ага удаа кардиологиялык ооруканада Ысык-Көлдүн экс-губернатору Асхат Акибаев буту-колунун муундарынан жабыркап (шишип), саламаттыгына кам көрүүдө. Кечээ экс-губернатор жаткан кардиологиядагы 306-палатага президенттик аппаратгын башчысы Сапар Исаков өзү барып, жансакчысын палатанын оозуна коюу менен Асхат мырзанын ал-абалынан кабар алып, 40 мүнөттөй ал-жай сурашып кайтты. Ажонун «оң колу» Асхат Акибаевдин ден соолугунан кабар алып жатканына караганда, бул эрен жакынкы күндөрү кайрадан кызмата келеби? Экөөнүн ортосунда эмне байланыш бар болду экен? Неси болсо да Кантөрө менен Асхат мырзаларыбыздын тезинен сакайып, сак-саламатта жүрүшүнө тилектешпиз!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: