Menu

Токаев: Саясий реформа – бир күндүн же бир жылдын маселеси эмес

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январь күнү жарыяланган “Эгемендик баарынан кымбат” аттуу макаласында чет өлкөлүктөрдүн Казакстан аймагы жөнүндө айткандарына реакция жасап, өлкөдөгү саясий реформаларга токтолду.

Президент аймактык бүтүндүккө доо кетирип, ынак коңшулук мамилени бузууну көздөгөн айрым чет өлкөлүк саясатчылардын чагымчыл аракетине ачык түрдө каршы турууга чакырган. Макалада кайсы өлкөнүн жарандары жөнүндө кеп болуп жатканы айтылган эмес. Бир катар жергиликтүү басылмалар президенттин бул сөзүн Орусия Мамдумасынын депутаттарынын Казакстан жерлери боюнча айткан сөздөрүнө жооп катары баалашты. Токаев өз макаласында Казакстандын жерлери ата-бабалардан мураска калганын, казактарга эч ким ири аймакты белекке бербегенин белгиледи.

Бул арада ал саясий реформа жүргүзүүгө убада берип, “бул бир күндүн же бир жылдын маселеси эмес экенин, муну өлкөнү чайпалтпай, анын биримдигине доо кетирбей жасоо керектигин” айтты.

Токаев алдыда өтө турган парламент мажилисинин депутаттарын шайлоону “көп партиялуу парламентти” калыптандыруудагы олуттуу кадам деп атады.

Казакстанда мажилис (парламенттин төмөнкү палатасын) жана маслихат депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Ага бийликке ыктаган беш гана партия катышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: