Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттү Стратегиясынын өзөгүн “Таза коом” долбоору түзөөрү маалым. Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча Өкмөттук кеңештин алгачкы жыйынында келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – өлкөбүздүн стратегиялык милдети экендигин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик башкаруу системасына заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселеси жана аталган тармакты реформалоого өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл буруп жатат. Кыргызстан жаңы технологияларга байланышкан ири өзгөруулөргө дуушар болууда. “Өзүбүзгө гана таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоо менен өлөкөнүн дүйнөлүк санариптик экономикага кошулуусу – бул зарылдык. Инновациялар ааламдашуу шартында Кыргызстанды атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн камсыздоочу кыймылдаткыч болууга тийиш”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчысы белгилегендей, “Таза коом” долбоору коррупцияны ооздуктоонун натыйжалуу куралы. Бул максатка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү адам факторунун таасирин минималдаштырган санариптик ыкмага өткөрүү жолу менен жетишүүгө болот. Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда өлкөнүн бардык министрликтеринин жана мекемелеринин макулдашылган аракети, ошондой эле темирдей тартип талап кылынарын эскертти. «Үстүбүздөгү жылдын күзүндө биз санариптик трансформациялоо боюнча толук кандуу программасын аны ишке ашыруунун реалдуу планы менен алуубузкерек.
«Таза коомдун» башкы максаттарынын бири – туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтүүчү жагымдуу укуктук чөйрөнүү түзүү. Ошондуктан артыкчылыктуу милдет катары мыйзамдуулукту жакшыртуу, мамлекеттик саясатты жөнгө салуу үчүн электрондук башкарууну ишке киргизүү, санариптик трансформациялык мамлекет», – деди премьер-министр.
Кеңештин биринчи жыйыны “Таза коом” долбоорунун Концепциясы жана анын алкагында аткарылуучу реалдуу пландарды тааныштыруу, ошондой эле сєз болуп жаткан негизги документти жактыруу менен жыйынтыкталды.
Булак: Айгай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ