Menu

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2019- жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия  өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-январь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Маданият  министрлигинин коллегиясы өттү. Коллегияга өлкөдөгү маданият министрлигине караган мекеме жетекчилери катышты.

Министрлик, 2020 – жылы санариптештирүү долбоорунун алкагында “Санарип музей”, “Санарип китепкана” жана “Санарип театр” долбоорлору менен иш алып барат. Мындан сырткары, бир катар ири маданий жана республикалык иш чараларды өткөрөт. Алар, “Кыргызстындын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы эриш аркак жылы”, “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”, “Апрель революциясынын 10 жылдыгы” жана “Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылыдыгы” иш чаралары. Мындан сырткары, 2020- жылы негизги басым, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталат.  Анда, китепканалардын иштөө форматын өзгөртүү, маданият үйлөрүн жана музейлерди жандандырууга багытталат.

Жыйындын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов: “Кыргызстандын бай  маданий мурастарын сактоо маданият багытындагы эң негизги максат болуп эсептелет. Маданият тармагындагы негизги ийгиликтүү мамлекеттик саясатты алып баруу, бул Кыргыз Республикасынын буга чейин сакталып келе жаткан  маданий дараметин сактоо болуп саналат. Бул шаарларда да жана аймактарда да. Биз бул ишибизди үзгүлтүксүз улантуубуз керек, деди министр. Ошондой эле, министр быйыл аймактардагы маданият, искусство мекемелерин жаңылоого, чыгармачыл коллективдердин өлкө ичинде жана чет өлкөгө гастролдорун уюштуруу, эл аралык фестивалдарды жана сынактарды өткөрүүнү, айылдык китепканалардын фондун толтуруу жана калкты маалымат менен камсыздоо зарыл”, –  деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча министрликке караган 400 мекеме  бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: