23-сентябрь күнү Бишкекте баардыгына каршы добуш берүүгө чакырган тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Баарына каршы кыймылы Ала-Тоо аянтына 23-сентябрь саат 12:00го “Баарына каршы” акциясына чакырат” – деп жазган Эркин Бөлөкбаев.
Жаңыдан түзүлгөн “Баарына каршы” коомдук кыймылынын мүчөлөрү шайлоочуларды алдыдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партияга добуш бербөөгө үгүттөөгө ниеттенүүдө.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия каттоодон өткөн.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ