Бүгүн, 20-октябрда, эртең менен саат 9:40 чамасында Бишкектин Шабдан Баатыр көчөсүндө автокырсык болду. Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаасынын 40 жаштагы айдоочусу жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Оор жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.
Күбөлөрдүн айтымына караганда унаа абдан катуу ылдамдыкта келип сүзгөн, жабырланган кыз бир канча метрге ыргып кеткен. Ошондой эле алар окуяда айдоочунун күнөөлүү экенин айтышты. Анткени, кыз атайын өтчүү жайдан(зебрадан) өз жолу менен өтүп бараткан.
Айдоочунун күнөөлүү экендигин жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы да тастыктап, учурда тиешелүү иш чралар аткарылып жатканын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ