Menu

Сапар Исаков президенттик шайлоого барбай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков президенттике талапкер болбой турганын жарыялады. Сапар Исаков бул тууралуу экс-президент Роза Отунбанванын “Таза коом” тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип жатып билдирди.

Билдирүүнү президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү таратты. Анда аталган долбоорду алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштыруу туура эмес деп айтылган:

“Таза коом” долбоору келечектеги Кыргызстандын долбоору. Бул демилгеге каршы чыгуу менен Роза Исаковна өлкөнүн өнүгүшүнө каршы чыгып жатат. Мен Роза Исаковна эл аралык донорлорду “Таза коом” долбоорун колдобоого чакырып жатат деген тыянакка келүүдөмүн. Мени экс-президенттин мындай позициясы таң калтырды. Бул долбоорду алдыдагы президенттик шайлоо, мени менен да байланыштыруу туура эмес. Анткени, менин президенттикке ат салышуу ниетим жок” деп жазылган анда.

Президенттик аппараттын жетекчисинин айтымында, “Таза коом” Кыргызстандын 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүү стартегиясынын бир бөлүгү болот. Ал кыргызстандыктар үчүн эң мыкты шарттарды түзүүгө багытталган. Долбоор мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртып, жайлуулуктун деңгээлин жогорулатып жана жарандардын коопсуздугун камсыздап, ишкерлик жүргүзүүгө шарт түзөт.

Сапар Исаков «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча бардык аракеттер биринчи кезекте Кыргызстандын өнүгүшүнө багытталганын белгиледи. «Бул долбоорду алдыдагы мамлекет башчысын шайлоого, анын ичинде мага байланыштыруу жөнсүз деп эсептейм. Анткени менин президенттик шайлоого катышуу ниетим жок», – деди ал.

Бишкекте 12-майда өткөн “Таза шайлоо – туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи” деп аталган жыйында экс-президент Роза Отунбаева “Таза коом” долбоору бийликчил партиядан президенттикке талапкер үчүн шайлоо алдындагы платформага айланбашы керек деп айткан.

Алмазбек Атамбаев Германия канцлери менен жолугушуу учурунда Сапар Исаковду тышкы саясаттагы “оң колу” экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: