Бүгүн, 19-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 422 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 130, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 93, Ош облусунан – 45, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 51, Жалал-Абад облусунан – 24, Баткен облусунан – 21, Нарын облусунан – 16 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 68 316 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 516 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 59 362ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 168, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 78, Ош облусунан – 49, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 50, Нарын облусунан – 8, Талас-облусунан – 16, Баткен облусунан – 92.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам каза болду. Бишкек – 1, Талас облусу – 1, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 1, Ош облусу – 1 адам. Жалпы саны 1217ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ