Парламентте Ысык-Көлдүн айланасындагы көлгө жакын салынып жаткан курулуштарды чектөө боюнча маселе каралып, экс- спикер Чыныбай Турсунбеков бул мыйзамыңар иштебейт деп күңкүлдөдү. Жүйө катары «мыйзамда Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метр алыстыкка курулуш курууну карап жатабыз. А буга чейин керек болсо көлдүн үстүнө мончо салып алып, пардан чыгып сууга секиргендерди деле көрбөдүкпү», – деген логикасын ортого таштады. Албетте, минтип күйүп-бышканынын жөнү бар экен. Көрсө Турсунбековдун көл жээгинде жайгашкан «Акун» пансионаты бар эмеспи. Ошол себептен, көлдөн алыс объектилерди курганга каршы экен. Анын логикасына таянсак, көлдүн үстүндө мончо куруп, көлдүн түбүнө курулуш жүргүзө бериш керек экен… Сыягы, Бакиевдин заманын эске салып, ошол учурга кайтып баргысы келип жаткан көрүнөт…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ