Menu

Коронавирус жана кыргыздар

Бөлүшүү:

Кенебеген элбиз. Дүйнөнү коронавирус деген коркунучтуу илдет каптап, элдер боо-боо түшүп жатса, медиктер эл топтолгон жерлерден оолак болууга аракеттенгиле, үйүңөрдөн бейчеки чыкпагыла, зарыл ишиңер болбосо чет жакка деле барбагыла деп жатса, биздикилер тескерисинче митинг өткөрүшөт, Америка берген акчага гей-парад уюштурат тоодон тушүп келип, эл быкпырдай кайнаган шаарларга агылышат. Сүйлөгөн кеби: «Япониядагы круиздик лайнердегилер кырылып калса да, кыргызга коронавирус жукпаптыр», мактанганы; «Кыргызды коронавирус жеңе албайт, «Улуу тоого чыккан барбы, улар этин жеген барбы?» дегенди уктуңар беле? Ошол биз болобуз» – дешет.

Эске сала кетсек 26-февралда Япониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнеринде кыргызстандык 1 жаран болуп, алгач кемедегилерден ага да вирус жукса керек деген шек саноо болгон. Текшерүүлөрдүн натыйжасы жакшы жыйынтык берип, коронавирус табылбай, колуна таза деген сертификат карматты. Жердешибиз 9-мартта Кыргызстанга келип, 14 күндүк карантинден соң үйүнө коё берилгени турат. Эми аны бир Кудай өзү ошончо кишинин арасынан аман сактаптыр да. Ушул мактана турган нерсеби? Көзө миң күндө сынбайт, бир күндө сынат деген макал бар.

Деген менен, бир чети кенебестигибиздин да пайдасы тийип жаткандай. Башка элдер сыяктуу паникага алдырбай, стресс аркылуу өнөкөт ооруларыбызды козгоп алган жерибиз жок. Бул арада муфтий баш болуп бир мечитте 2 бука союп, «коронавирустун эпкини элибизге тийбесин» деп бата тартып, этин муктаждарга таратып беришти. Тили буруулар «коронавирустан сактанууга ушунун жардамы тиеби?» деп жазууда. Деген менен бул да жакшы көрүнүш болду.

Эми кыргыздарды болсо айтып бүттүк. Өлкөбүздө дүйнөнү титиреткен коркунучтуу илдетке даярдык алыбызга жараша жүрүп жаткандыгын бийликтегилер кабарлап келишет. Ал эми бүгүнкү күндө коронавирустун дүйнөдөгү абалы кандай? Андан кантип коргонсо болот?

Коронавирус бүгүнкү күндөрдө

• Акыркы суткаларда 114 миң адам коронавирус илдетине чалдыккан. Каза болгондордун саны 4630, ал эми сакайгандардын саны 63662.

• Коронавирус чыккан Кытайдын Хубэй провинциясында абал оор бойдон калууда. Ал жакта 67760 адам вирусту жуктуруп алып, 3024 адам каза болуп, 47585 киши айыккан.

• Кытайдан тышкары 113 өлкөдө вирусту жуктуруп алгандар катталды. Алардын ичинен Италияда – 9462, Түштүк Кореяда – 7 555, Иранда – 9 000, Германияда – 1996, Францияда – 2 284, Испанияда 2 277, Японияда – 420 киши.

• Италияда акыркы суткада 97 киши коронавирустан дүйнө салган. 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9 462 киши ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жетти. Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өттү.

• Бул арада Франциянын маданият министри Франк Ристерден СОVID-19, б.а. коронавирус табылды. Францияда 1412 киши вирусту жуктуруп алып, курмандыктардын саны 25ке жетти.

• Түркмөнстанга келчү учактар алгач Түркменабад аэропортуна конуп, дезинфекциялоодон өткөндөн соң Ашхабад аэропортуна жиберилет. Жарандарга чет элдик учактарда учууга чектөө коюлду.

• АКШда 624 киши жуктуруп, 22 адам көз жумду. 15 киши оорудан сакайып чыкты.

• Орусияда 20 киши ооруну жуктурганы аныкталган, өлгөндөр тууралуу кабар жок.

Коронавирустан сактануу боюнча жапондордон 7 кеңеш

Жапон окумуштуусу Каку Мицуо «Инфекциялык оорулардын алдын алуу 2020 стратегиялык кеңешин» жетектейт. Ал коронавирусту иликтөө учурунда башка инфекциялык оорулар тууралуу көңүл бура турган маалыматтарды айтып чыкты. Көрсө быйылкы кышта эле АКШда 22 миллион киши сасык тумоо менен ооруп, анын ичинен 12 миңдейи бул дүйнө менен кош айтышкан. Былтыркы жылы Жапонияда 3 325 киши сасык тумоонун айынан көз жумган. Жапон окумуштуулары коронавирустан сактануу боюнча калкына мындай маалымат таратышкан:

1. Так маалыматка ээ болуу.

Вирус ар кай жерде, ар кандай убакта пайда болушу ыктымал. Так маалыматтын жыйынтыгы менен гана тиешелүү чараларды колдонуу керек.

2. Вирус жана бактерия жөнүндө билүү.

Вируска каршы вакцина азыркы учурда иштелип чыга элек. Ошондуктан андан изоляция жолу менен гана сактанууга болот. Вирус физикалык жол менен, б.а. ооруган адам менен болгон физикалык байланыш жана аба-тамчы жолу аркылуу жугушу ыктымал.

3. Вирустан сактануучу аракеттерди адатка айлантуу.

Колду жууп туруу жана чүчкүргөн жана жөтөлгөн учурда сактануу, вирусту жуктуруп алуунун алдын алууда жардам берет. Эл көп болгон жерлердеги адамдардын колу тийген буюмдарды үзгүлтүксүз тазалап туруу. Иммунитетти көтөрүүчү азыктарды көп колдонуу.

4. Жаңы технологиялар боюнча маалыматка ээ болуп туруу.

Спиртти денеге сүртүү жолу аркылуу вирус жана бактериялардан сактануу убактылуу гана эффект бере алат. Жакында вирус жуктуруп алгандардын бактерияларын денеден биротоло алып салуу боюнча жаңы технология пайда болду. Ошондой эле аба тазалоо аркылуу вирус жана бактериялардан арылуучу вентиляция системалары сатыкка чыкты.

5. Оорууга карата кыраакы болуу.

6. Башка жугуштуу ооруулар боюнча да эстен чыгарбоо керек.

7. Инфекцияны профилактикалай турган буюмдарды камдоо.

Ошентип сактанганды Кудай сактайт деп, камбыл бололубу, кыргызым?! Же коронавирусту да тоодой болгон кенебестигибиз менен жеңебиз дегендер барбы? Кыргыз медиктери өлкөдө коронавирус боюнча абал туруктуу деп отчёт берип жатышат. Ылайым эле ошондой болсун.

Эркин Исмаилов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: