Өлкө боюнча 30-апрелден 4-майга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, абанын температурасы өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
30-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ