КТРКнын жетекчилигинен кеткенден бери бош жүргөн Илим Карыпбеков кыймылдай баштады. Боштуктан зериктиби, айтор «эшек курту ойгонуп» кызмат үмүт этип жагымпоздук кылып бийликке шыйпаңдап, түшкө кирбеген ыкмага өттү. Таенесинин оозу аркылуу экс-президентти жамандатып, карыган кишини саясаттын сасык оюнуна аралаштырып жатат.
Бул пастык. Кызмат алыш үчүн таенесинин этегине жашынып, карыган адамды жаман көрсөткөнү жигит кылчу иш эмес. Кезинде Атамбаевди мактап-жактап, апасын ЕАЭСке Кыргызстандын атынан сот кылдырып, кошоматты кабаттап айтып жүрдү эле. Эми бүгүн өзү сын айта албай, таянесин жаман көрсөтүү жолу менен бийликке жагынып, кадр кызматын ала албай эси ооп жатат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ