Menu

Биринчи вице-премьердин айткандарын врач жокко чыгарды: “дарыгер ажы тойго барып таажывирусун жуктурган” деген маалыматты карандай калп дейт

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда таажывирусун жуктуруп алган дарыгер Тамила Нуркамилованын кесиптештерине жанан ММКлардын өкүлүнө болгон кайрылуусу пайда болду. Ал умрадан келген кошунасына ажы тойго барып, ал жактан вирусту жуктуруп, кийин аны кесиптештерине дагы жуктурган деп айыпталып жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-апрелде онлайн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: “Ош шаарындагы инфекциялык ооруканада иштеген дарыгер умрадан келген кошунасынын үйүндө отуруп, вирусту жуктуруп алган. Андан кийин ал өзүнүн кесиптештерине жуктурган. Ооруну жуктурган дарыгер иштеген бөлүмдө 11 кызматкер бар” – деп билдирген.

Бул билдирүүнү таажывирусуна чалдыккан дарыгер четке кагат.

Дарыгер Тамила Нуркамалиеванын кайрылуусун толугу менен беребиз.

“Урматтуу коллегалар! Мага коюлган кур доомат, мага сиздердин жардамыңыздар керек. Мен 3-апрель күнү таажывирус диагнозу менен Ош облустук клиникалык ооруканасына оор абалда түштүм. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен дурусмун. “Дарыгер ажыдан келгендердин үйүнө барып чай ичип ооруп калып башка медицина кызматкерлерине жугузду” деген кур доомат, жалган жалаа. Мен эч кандай ажыныкына барган эмесмин. Менден 3-4 күн мурда бөлүмдөгү дарыгерибиз Сайра Шакирова, андан кийин 28-мартта жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Зарина Раимкулованын дене табы 38°ге чейин көтөрүлгөн. Биз бардыгыбыз бир маршруткада жумушка барып келип жатканбыз. Мен 30-март түнү дене табым 37,1° болуп, ошол бойдон жумушка барган эмесмин. Шейшемби күнү оорукананын башчысы Кайрат Макамбаевичке чалып, “менин дене табым 37,1° болуп жатат, тест система барбы” десем, “сүйлөшүп көрөйүн” деди, ошол бойдон жооп болгон жок. Шаршемби күнү кечинде вирусологдордон “анализ алып кое аласыңарбы” деп сурандым, себеби, акыбалым оорлошуп баштады эле. Бейшемби эрте менен ПЧР тапшырып, анализ “сомнительный” болуп жатат дешти. Мен кайра да Кайрат Макамбаевичке чалып, “жаткыза бергилечи” десем, “сиздики 37° эле экен, штаб чечет” деп жаткызбай коюшту. 

Урматтуу дарыгерлер, мен 3 күндөн бери плазма алып кислороддомун. Мен 1987-жылдан бери дарыгер болуп иштейм, мени бүгүнкү берилген маалыматтан кутулууга жардам бериңиздер, сураныч. Бул маалыматты ким берген болсо дагы, бул врач оор акыбалда жатат, өлүп калса эч ким текшербейт деп “өзүнүн терисин” сактап калыш үчүн берилген маалымат. 

Бүгүн эрте менен Кайрат Макамбаевичке телефон чалып, “ватсаптан болсо дагы “объяснительный” жазып коюңузчу” деди эле, мен эч нерсе жазбайм дегенмин, балким менин ордума өздөрү жазып койгон болушу да мүмкүн, менин акыбалым дагы деле оор, кислороддомун. Ушунча жыл медицинада иштеп, жөн жерден кур-дооматка калдым. Мүмкүн болсо Саламаттыкты сактоо министрлигине жана маалымат берген сайтка жеткизишке жардам бериңиздер. Акыбалымдын оордугунан колум титиреп, ыйлап жатып жазып жатам” – деп жазган бейтап дарыгер.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: