Menu

Шакированын ордуна Кундашев келеби?

Бөлүшүү:

Дары-дармек департаментине кесиби экономист Гүлмира Шакирова аттуу айым дайындалган күнү коомчулук муну кадр саясатындагы эң чоң катачылык катары кабыл алган. Себеби медицина бул – адам өмүрү. Андай жерге кесипкөй кадрлар гана иштөөгө тийиш. Болбосо, медицинанын тили менен айтканда, бир ката экинчи катага жол бериши толук мүмкүн. Айтор, Шакирова жетекчи болгондон бери контрабанданы мындай коелу, эл аптекадагы препараттардын сапатына ишенбей калды. Өкмөт департаменттин иши жүрүшпөй, тармак катуу аксап жаткандыгын кеч болсо да байкады шекилдүү. Учурда Шакированын ордуна Улан Кундашев деген фармацевт келе тургандыгын өздүк булактарыбыздан кабарлашты. Адистердин баамында, Кундашев Медакадемияда да иштеген, фармацевтика боюнча бир топ жылдык тажрыйбага ээ дешет. Айтымдарында, премьер-министр да бул адамга ишенич артат экен. Бул жерде «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» деген эле көп. Ар ким түшүнгөн жумушун кылганда гана муз ордунан козголот. Балким экономисттин ордуна фармацевт келсе, Шакирова арабасын тарта албай койгон Дары-дармек департаменти мындан ары ийгиликтүү иштеп кетет эле деген үмүт. Андыктан Гүлмира айым да өзү сүйгөн бухгалтердик ишин кылып, медицинанын талин билген кесипкөйлөргө жол бошотсо өзүнө да, карапайым калкка да алда канча пайдалуу болмок.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: