Кыргызстанга чет жактан кирген жүк ташуучу унаалардын 32 айдоочусунан коронавирус табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, 19-марттан 15-майга чейин өлкөгө сырттан 17 миң 432 жүк ташуучу унаа кирген. Алардын ичинен 32 айдоочусунда коронавирус табылды. “Акыркы учурда чет жактан кирген айдоочуларда коронавирус катталган учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу алгоритмди өзгөртүүнү карап жатабыз. Чек арадан айдоочуну 6 саат кармап, анализ чыкканда гана коё берип жатабыз”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257 медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ