Menu

Нарында коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп бара жатат

Бөлүшүү:

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда. Бул тууралуу 14-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алардын эң көбү Нарын облусунда – 15 адам, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төртөө, Чүй облусунда да төртөө (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бирөө.

Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары – 735 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: