Menu

АКШ Ормуз кысыгын кайтаруу үчүн эл аралык коалиция түзөт

Бөлүшүү:

АКШ Ормуз кысыгында мунай кемелерин кайтаруу жана коштоп жүрүү үчүн эл аралык коалиция түзөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео WFTV 9 телеканалына билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам аймактагы соода жолдорун ачык бойдон сактап калуу максатында жасалат. «АКШ Иран менен согушту каалабайт. Биз болгону алардын дүйнөдө террордук иштерин токтотушун каалайбыз», — деди Помпео.

Вашингтон буга чейин коалиция зарыл экенин белгилеп, АКШ бул багытта кызматташуу тууралуу бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу Иран өзөктүк келишим боюнча бир катар милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткандан кийин күчөгөн. Тегеран мындай кадамга АКШ макулдашуудан бир тараптуу негизде чыгып кетип, Иранга каршы айрым санкцияларды калыбына келтирген соң барган.

Көп өтпөй АКШ менен Сауд Арабия Тегеранды Оман жана Перс булуңдарында мунай кемелерине чабуул жасоого айыптаган.

Июлда Тегеран Перс булуңунда британ мунай кемесин кармоого аракет кылган жана саудия кемесин кармаган деп айыпталган. Иран бул айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

19-июлда иран аскерлери Ормуз кысыгында Улуу Британиянын кемесин кармашкан. Анда Ирандын бийлиги кеме алардын эл аралык деңиз укуктарын бузгандыгы үчүн кармалганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: