Menu

Бишкекте экологиялык жактан таза автобустар чыгарылат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда автобус, болгондо да жүргүнчүлөрдү ташуучу экологиялык жактан таза унаа чыгарылат деген сөзгө ишенесизби? Албетте, жок. Себеби, Эгемендүүлүктүн 28 жылында жок дегенде ат араба жасалбаган өлкөдө мындай өндүрүш ал тургай түшүбүзгө да кирбей турган аң-сезим калыптанып калган.

Анткен менен илим менен техниканын жана адам акылынын космостук ылдамдык менен өсүп турган заманында кээде жомоктогу кыялдар тез эле орундалып калышы деле ажеп эмес.

Эгер жергиликтүү ишкерлердин айтканына ишенсек, экологиялык жактан таза электр автобустар жакында Бишкекте каттай баштайт экен. Бул долбоорду кыргыз инженерлери, программисттер жана дизайнерлер ойлоп табышкан. Ата мекендик автобустарды иштеп чыгуу оюу 1,5 жыл мурда жаралган. Тогуз кишиден турган команда батарейка менен жүрүп, айлананы булгабай турган унааны иштеп чыгышкан.

“Бир айдан кийин автоунааны чогултуу башталып, демилгени мамлекет колдосо биз – борбор калаанын тургундары менен коноктору «Маdе in КG» автордук унааларында жүрүп калабыз”,- деп ишенимдүү түрдө «Кабар» агенттигине «Окталион» ЖЧКсынын директору Бакыт Курманкожоев айтып берди.

Анын айтымында, баардык техникалык маселелери дээрлик чечилген. Болгону практикалык бөлүгү калган. “Биз чакан цех даярдап, ал жерде биринчи үлгүсүн түзүүнү пландап жатабыз. Автобустун бир заряды 70-80 чакырымга чейин эсептелген. Ал эми биздин жергиликтүү автобустардын бир тарапка каттамы 62 чакырымды түзөт. Биз жайкы жана кышкы режимдерди караштырганбыз. Ал атайын батарейкада -литий-титанат аккумуляторунда иштеп, болгону 6 мүнөттө заряддалат”,- деди ал.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: