“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы А4 форматындагы кагаз топтомун сатып алыш үчүн 7 миллион 700 миң сомдук тендер жарыялаганы боюнча маалымат Мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты. Аталган мекемеден ал акчага алынчу кагаздар Австралиядан алып келине турганы, ал жөнөкөй кагаз эмес экендиги айтылды. Кыскасы, почточу акелердин айтканына ишенсек ал кагаздардын да принтери бир башкача экен. Океандын артынан келчү кагаздарга “Кыргыз почтанын” “кызык” документтери басылат экен. Башка кагаздар коопсуздук жагынан туруксуз болсо, бул кагаз “терминатордой” бышык кагаз экен, иттики… Анан калса, 7 миллион сомго алына турчу кагаздар 6 гана айга жетет.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ