Menu

Алишер Усманов «Пахтакор» футбол клубуна 100 млн доллар бөлүп берүүгө даяр

Бөлүшүү:

Өзбек тектүү орусиялык ишкер Алишер Усманов Ташкенттин «Пахтакор» футболдук клубуна ири суммада акчалай жардам берет. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.

Усмановдун өкүлдөрү ишкер Өзбекстандын күчтүү клубдарынын бири эсептелген «Пахтакорго» 100 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдиришти. «Бирок ошол эле маалда мында клубду сатып алуу жөнүндө сөз жок», – деп түшүндүрүштү орусиялык ишкердин өкүлдөрү.

Жакында эле «Өзбекстан 24» телеканалы орусиялык ишкер Алишер Усмановго арналган фильм көрсөткөн. Анда анын «Пахтакор» футбол клубуна жакшы колдоо көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө дагы айтылган.

«Пахтакор» – СССР чемпионатына катышкан Өзбекстандын жалгыз командасы. 1991-жылдан бери клуб 11 жолу өлкөсүнүн чемпиону болгон.

«Анын футболго үмүт бергендиги баа жеткис нерсе. Акыркы бир жарым жыл ичинде «Пахтакордо» өтө көп нерсе өзгөрдү. Быйыл клуб бардыгыбызды сүйүнтүп жатат – Алишер Бурхановичтин аркасы менен бардыгы өзгөрүүдө: менеджмент, мащыктыруучулар, философия. Азыр бизде баары бар», – деп билдирди «Пахтакордун» башкы машыктыруучусу Шота Арвеладзе.

Быйыл августтун башында Алишер Усманов англиялык «Арсенал» клубундагы 30% үлүшүн сатууга макулдугун бергендиги белгилүү болгон. Аны буга чейин клубда 67% үлүшү бар америкалык магнат Стэн Кронке сатып алат.

Forbes байлыгын $12,5 млрд деп баалаган Усманов Орусиянын эңбай ишкерлеринин тизмесинде 10-орунга жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: