Menu

Бишкекте милиция кызматкери жаш кызды өлүмдөн алып калды

Бөлүшүү:

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкери көпүрөгө асынып, өз жанын кыйганы жаткан 19 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигини басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 6-ноябрь күнү саат кечки 21.00 чамасында болгон. Анда “Шумкар” атайын багыттагы батальонунун 1-ротасынын улук сержанты Нурлан Кулданбаев аймагын текшерип жүрүп, Лев Толстой көчсүндөгү көпүрөдөн кызды көргөн. Анын журүм-туруму шектүү көрүнгөн,  ал көпүрөдөн секиргени жатканга окшогон. Милициянын кызматкери ага ылдам чуркап барган, бирок кыз төмөнгө карай кадам таштаган эле.  Сержант кызды кийиминен кармап калганга үлгүргөн.

Милиция кызматкери кызды кулатып жибербөө үчүн болгон күчүн салып, көпүрөнүн тирегичтерине буту менен таянып турган, ошондо ал кыздын мойнуна жип оролгонун көрөт. 2-3 мүнөттөн кийин жардамга ротанын командири Улан Кыдырмаев менен анын орун басары Айбек Жумабаев келген.

Кыздын ким экендиги аныкталган, ал 19 жаштагы мурун Чүйдө жашаган  Бишкектин тургуну болуп чыккан. Алдына ала маалыматтарга караганда, кыз үй бүлөлүк уруштан кийин өз жанын кыймакчы болгон. Ал бир нече ай мурун турмушка чыккан. Азыркы учурда ишти материалдары жагдайларды жана себептерди иликтөө үчүн Биринчи Май райондук ИИБне өткөрүлүп берилген. Кызды болсо жакындары алып кетишкен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: