Бишкек шаарындагы жаңы ачылган күндүзгү стационарларга биринчи күндө 700гө жакын адам кайрылган. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 4-июлдан тарта стационарлар (даярдыктарына жараша) оорулууларды кабыл ала баштаган.
Биринчи май районунда 254 адам, Октябрь районундагы стационарга 238 адам, 147 адам Ленин райондук стационарына кайрылышып, медициналык жардам (инфузиялык терапия, ийне саюу жана медициналык консультация) алышкан. Свердлов районундагы стационар саат 18.00дөн кийин ачылып, 30га жакын жаранга жардам берди.
Бүгүн, 5-июлдан баштап стационарлар 8.00дөн 20.00гө чейин иштеп баштайт.
Ленин районунун «Газпром» дене тарбия комплексинде 90 орун, Свердлов районунун “Чыгыш-5” кичи районундагы Р. Саанатбаев атындагы дене тарбия комплексинин эски имаратында 150 орун, Октябрь районунун “Бишкекнаабайкана” МИнин базасында 140 орун жана Биринчи май районунун Кожомкул атындагы спорт ордосунда 150 орун даярдалган.
Ар бир стационарда үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери, медайымдар жана эпидемиологдор тобу кезметке турушат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ