Menu

Шансы барың айткыла, Шадиев чачпак көтөрөт

Бөлүшүү:

Кайсы бийлик болбосун тилин таап, биринчи кызматтан ыргыса, буту жерге тийбей жатып экинчи ээрге эрмешкендер боюнча астына ат салдырбагандар бар эмеспи. Булар ушунчалык ийкемдүү келишкендиктен илибой бийлик учурунда жашап кете алышат. Болгондо да уза-а-ак жашашат. Динозаврлар доорунан бери келе жатышса да улам жаңырган коомдо жаңы кадр катары кудум хамелеончосунан түсүн өзгөртүп жиберип, жашап кетүүгө калыптанышкан. Эсеби маселен, Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Аскар Шадиев аттуу «динозавр» бар. Чын эй, бул качанкы Шадиев экенин эң жакшы билесиңер да. Кандай кырдаал болбосун жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү өтө жогору болгон Шадиев учурда кийинки президент ким болот деген анализди жүргүзүп, улам бир короого баш багып жүрөт. Кийинки президенттикке өтүп кете турган бирөөгө көзү жетсе, ошого эрмешип этегин кармай турганы маалым. Деги эскинин саркындыларынан качан арылабыз? Баягы таанымал анекдотто айтылгандай, «булардан арылганча мен тирүү боломбу?» деп боздогуң келет…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: