Menu

Болот Абилдаев буга чейин болуп көрбөгөндөй дүңгүрөтө той өткордү

Бөлүшүү:

Акаевдин учурунда өлкөбүздүн каржы министрлигин жетектеп, бийлик алмашканы суудан кургак чыгып кеткен Болот Абилдаевди билесиңер да. Учурда ал «Газпромдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн башкарат. 15-апрель күнү Болот Абилдаев уулун үйлөп (Акаевдин учурунда кант заводун башкарган маркум жетекчинин кызын келиндикке алды) баш калаадагы «Фрунзе» ресторанында дүңгүрөтө той берди. Жакшылыктын камылгасы менен алпурушуп жүргөндөрдүн айтымында, бул той Кыргызстанда быйылкы жылдагы эң ири, болуп көрбөгөндөй шаң-салтанат менен өткөндүгүн, буга дейре өлкөбүздө мындай той өтө электиги менен салыштырышууда. Дүңгүрөгөнүн ушундан көр, ресторан катары менен үч күн Абилдаев тарабынан (1-күнү жасалгасы, 2-күнү той, 3-күнү жасалгаларын чечүү) ижарага алынып, атайын кооздолгон көркүнө эле 115 миң доллар кеткени чынбы? Ылайым жакшылыгы өзүнө кут болуп, уул-келини бактылуу болсун! Кызыгы, өткөн жылы Акаевдин учурунда «Кошелек» атка конгон, бажычы Мурат Малабаев да болуп көрбөгөндөй той өткөргөн эле. Быйыл тигинтип Болот Абилдаев чардап жатат. Айдар Акаевдин кареги менен тең айланышкан бул эргулдар катар-катары менен сайран курушуп, эмне мынча көбүшөт ыя? Биздин күч органдары буларды текшерип, кустуруп койгондо эмне? Кудайга деле жагышат эле го? Ушуга окшогондордун айынан ай-талаада тентип калган эси жок Айдар Акаев үшкүрүнүп, «Абилдаев, Иманкулов, Малабаев үчөө саламга жарашпайт» деп токонаалатын айтып жүрсө, буларың быякта ар жылы дүңгүрөтө той берип, болушунча чардап жатышат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: