Menu

Текебаев курултайды жеке кызыкчылыгына пайдаландыбы?..

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери башында турган бийликке нааразы болушкан оппозиция жана “Референдумга – жок” кыймылынын активисттери Бишкектеги орус драма театрында 8-октябрда курултай өткөрүштү. Ага “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Азимбек Бекназаров, Чолпон Жакупова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков жана башка коомдук ишмерлер, саясатчылар, депутаттар катышты. Дээрлик “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, депутаттары сүйлөшүп, жыйында Конституцияга байланыштуу жарытылуу пикир айтылган жок.

Курултай жалгыз “Ата Мекен” партиясынын жеке кызыкчылыгына багытталган, бийликке жетпей калган саясатчылардын ич күптү нааразычылыгын чагылдырган деңгээлден көтөрүлгөн жок. Конституциянын кайсы беренесине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бийликти узурпациялап алганга жол ачат, мыйзамга каршы келээрин факты жүзүндө далил келтирип сүйлөгөндөр дээрлик жок болду. Дүңүнөн эле Текебаевдин баш мыйзамды өзгөртүү Атамбаевдин бийлигин бекемдөөгө багытталганын, буга жол бербөө керектигин айткан инерциясы менен түшүнүп-түшүнүшпөй эле урааламай өкүм сүрдү. Бөлөк, далилдүү ынанаарлык демилге, сунуш-пикир айтылбады. Бул абал бир кишинин эле тизгин чойгон жагына дүпүрөгөн топту көз алдыңа тартат. Мындан улам, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  өз сөзүндө: “Бул жерде мыйзамдын беренелерине каршы болсо анда бул берене туура эмес же болбосо мына бул өзгөртүү туура эмес, бул берене менен президент бийлигин узартып жатат, бул болбойт десе мен түшүнөт элем. Ал эми референдумдун өтүшү мыйзамсыз деген бул саясат”, – деп  оппозиция саясий кызыкчылыктан улам референдумга каршы чыгып жатканын таасын белгиледи.

Бекер жеринен өлкөдөгү элге төбөсү көрүнгөн бир катар саясатчылар референдумга каршы чыкпай, өзгөртүүлөрдү туура кабылдап, макул көрүп жатпаса керек. Демек бул көрүнүш мыйзамды бузган оркойгон каталык же бийликти узурпация кылууну көздөгөн максат жоктугунан кабар берет. Мына мурунку өкмөт башчы Темир Сариев: “Демилгелеп жактан жаңы Конституция менен мурункусун салыштырып карап чыктым, ызы-чуу жарата турган кардиналдуу эч кандай өзгөртүү деле жок”, – деп билдирди. Түшүнгөн кишиге баш мыйзамды өзгөртүүдөн саясат жасап, башаламандык жаратуу чекилик экени билинип турат.

Кыскасы учурдагы нааразычылыктар жеке кызыкчылыгын коргогон “Ата Мекендин” “атасы” Өмүрбек мырзанын саясий чайкоочулугу. Башкача айтканда Текебаев ич күптү таарынычын мамлекеттик көйгөйгө айлантып, элди жеке мүдөөсүнүн куралына айланткысы келүүдө. Бул жагдайды акыл-эстүү саясатчылар айдан-ачык баамдап сезип эле турушат. Маселен, Текебаев менен көп жылдан бери санаалаш болуп жүргөн, анын кулк-мүнөзүн жакшы билген Азимбек Бекназаров: “Текебаевге ишенүүгө болбойт, ал жеке кызыкчылыгы ишке ашкандан кийин жолго таштап кетет” – дегенди ар бир маегинде байма-бай кайталап айтып келет.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: