Menu

Бакыт Төрөбаев: «Саясий кризиске туш болууну каалабайбыз»

Бөлүшүү:

Бакыт мырза, алдыдагы президенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да өз талапкерин чыгарарын жарыялады.Демек сизди да талапкерлердин арасынан көрүп калабызбы?

31-октябрда биздин партиянын съезди өттү. Ага республиканын булуң-бурчунан 800гө жакын делегаттар келип катышты. Албетте, келе жаткан жергиликтүү шайлоолорго катышуу боюнча пландарыбызды бекиттик. Бизге ишенип добушун берген шайлоочуларыбыз аз эмес. Алардын ишенимин актап, өзүбүздүн мамлекетти өнүктүрүү боюнча программаларыбызды ишке ашырабыз. Биз 2017-жылдагы президенттик шайлоого активдүү катышып, өз талапкерибизди алып чыгабыз же татыктуу деп эсептеген талапкерди колдойбуз.

Сиздин фракция көпчүлүк коалицияга кошулбай калганынынсебебин эмнеден көрүп жатасыз?

Биринчиден, биздин позициябыз үчүн. Депутаттын сүйлөгөн сөзүнө, берген добушуна эч ким баа бере албайт. Бизди коалициянын ишин саботаж кылышты деп айтып атышат, андай эмес. Биз ушул чакырылышта парламентте же башка бардык жакта болгон шайлоолорго дайым өз талапкерибизди алып чыгып келгенбиз. Бул да позиция. Муну альтернатива деп коет. Альтернативдүү шайлоо – демократиянын өзөгү. Коалицияга киребизби-кирбейбизби, биз андан трагедия жасабайбыз. Мамлекетти өнүктүрүү боюнча өзүбүздүн так план-программабыз бар, ал жолубуздан тайбайбыз.

Конституцияны өзгөртүү боюнча талкууларда активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, референдумда өзгөрүп жаткан ар бир берене өзүнчө коюлушу керектигин да сунуштап чыктыңыз. Бул сунуш канчалык реалдуу эле?

Конституция – бул элди бириктире турган документ. Азербайжанда референдум болуп өттү. Демек практика бар. Алар ар бир өзгөртүү боюнча добуш бергендей кылып элге шарт түзүп беришти. Биздин да эл референдумда ар бир берене боюнча каршы же макул пикирин берсе деген ойдо болдук. Ошондо эл алдында да жүзүбүз жарык болмок. Бул абдан жакшы, компромисттик вариант болчу.

Сиздин фракция коалицияда турганына карабай Башмыйзам маселесинде оппозициялык маанай байкалып калып атты. Өзүңүз да президент менен сүйлөшкөн соң бул маселеде бир чечимге келериңизди айттыңыз эле. Президент менен сүйлөшүү болгон жокпу?

Президент менен сүйлөшүү болгон жок.

Дегеле бул конституциялык реформа эмнеге алып келиши мүмкүн?

Тергөөнү прокуратурадан алып салуу саясий кризиске алып келиши мүмкүн. Бүт тергөөнү милицияга, финполицияга жана УКМКга беребиз деп атышат. Булар борбордук орган эмес, алар өкмөттүн мүчөлөрү. Прокуратура болсо жаза-кылмыш системасынын өзөгү. Молдованын тарыхын алсак, тергөөнү милиция, финполиция жана СНБ жүргүзүп, партиялар арасында атаандаштык болуп, ал структураларды саясий оппоненттерине каршы колдонушту. Ошондо булар саясий кризиске туш болду. Биз мындай болушун каалабайбыз.

Тышкы карыз маселесинде абал опурталдуу экенин айтып, өкмөттү тезинен антикризистик программа кабыл алууга чакырып чыктыңыз эле. Бирок өкмөттөгүлөр аны укпагандай?

Антикризистик программа – бул экономикалык чөйрөдө тез арада көрүлө турчу чаралар. Мамлекетибизде экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп баратканына күбө болуп жатабыз, ал жашыруун деле эмес. Мисалы, ЕАЭБге кирерде канча деген токтомдор кабыл алынды? Өкмөт оперативдүү түрдө экспортко багытталган өндүрүштү колдоо иш-чараларын иштеп чыгышы керек. Мамлекеттин өзүнүн канча акчасы бар экенин так билип, ошонун негизинде иштерди аткаруу зарыл.

Сиздердин партия да шайлоо алдында элге опол тоодой убадаларды берген. Азыркыга чейин кайсы убаданын өтөсүнө чыга алдыңар?

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын чечиминин негизинде премьер-министр айыл өкмөттөрдүн базасында МТС уюштурууга уруксат берген буйрукка кол койгон. Учурда Сокулук, Ат-Башы, Тоң, Өзгөн райондорунда, Талас областында 7 алгачкы мамлекеттик деңгээлдеги МТСтер ачылды. 86 айыл өкмөтүнөн МТС ачуу боюнча арыз келип түштү. Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган айдоочулар, такси айдагандар бизге алкыш айтып атышат. Оң рулдуу унааларга тыюу салуу ченеми 2020-жылга чейин узартылды. Аны менен 10 миң адамдын жумуш орду сакталып калды. Андан тышкары, дыйкандарга берилүүчү кредиттин көлөмүн көбөйтөбүз дегенбиз, көбөйттүк. Элдин саламаттыгы жаатында «Өз жүрөгүңдү сакта» долбоорун эффективдүү улантуу максатында аймактардагы калктын саламаттыгын текшерүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында медициналык бригадалар түзүлгөн. Медбригадалар 17 миңден ашуун адамдын саламаттыгын текшерди. Долбоор уланууда. Бир топ жумуштарды аткарууга жетиштик. Парламентке келээрде жазган программабызды ишке ашырабыз деп так айта алам.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: