Ноокен районунун Масы айыл аймагында ата-энесинен ажыраган балдар үчүн 180 орундуу жатак мектеби курулуп, пайдаланууга берилди. Аталган мектепте социалдык жактан коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жатып билим алышат. Бул боюнча Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов маалымдады.
Маалыматка ылайык жатак мектеп “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, жалпысы болуп 35 млн сом акча каражаты жумшалган. Ал эми мектептин курулушунда иштеген жумушчуларды жергиликтүү эл жана айыл өкмөтү тамак-аш менен камсыздап турушкан.
Жатак метептин ачылыш аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, жергиликтүү бийлик кызматкерлери жана “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, райондун баш имам хатиби жана айыл тургундары катышып, өздөрүнүн жакшы каалоолорун билдиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ