Menu

Равшан Жээнбеков: Президенттин командасындагы эң күчтүү адам – Асылбек Жээнбеков

Бөлүшүү:

Оппозициялык көз караштагы Равшан Жээнбеков менен мамлекеттибиздеги саясый кырдаал жана КСДПнын курултайы, делегаттардын кетип калганы, Асылбек Жээнбековдун чакырылбаганы боюнча баарлаштык.

– Равшан мырза,КСДПнын курултайынын жыйынтыгы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан партийный лидерлигин колго алды. Мындан ары ал мамлекеттик чон кызматтарга келип албайбы?

– Менин жеке пикиримде Атамбаев бийликке аралашпайт. Премьер-министр, төрага болбойт. Эгер ал кайрадан бийликке келе турган болсо, азыркы күндөгү оор абалы мындан дагы оорлойт. Башкача айтканда, Атамбаев бийлик чөйрөсүнө келсе, келечектеги материалдык жана жеке коопсуздугунда чоң маселе жаралат. Ошон үчүн Атамбаев Сооронбай Жээнбековду анын ыгынан чыкпаган, аны менен эсептешкен президент катарында кармап, өкмөттөгү кадрларын кызматынан алдырбай турууга далалат жасайт. Анткени, алар аркылуу Атамбаев жеке жана материалдык коопсуздугун кармап турат. Эгер ушул маселелер чечилип, ойдогудай болсо, Атамбаев бийликке келбей эле сыртта көрүнүктүү саясатчы катарында карап турууга аракеттенет. Бирок, Атамбаев түшүнүп, түшүнбөй туруп, Кыргызстанда күчтүү атаандаштык жаратып койду. Башкача айтканда ал өз колу менен бийликтин балансын жаратты. Эгер ушул нерсени бийликке келбей туруп, Сооронбай менен тил табышып, тирешти токтото алса, ага ийгилик жана жетишкендик болот. Эгер башталган тиреши тереңдей берсе, Атамбаевге чоң сокку болот.

– Эмне үчүн аталган курултайга Асылбек Жээнбеков келген жок? Эмне үчүн делегаттар тандалып киргизилди жана курултайга катышканы да Атамбаевдин сөзүнө кыжыры келип, чыгып кетишти?

– Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Биздин коомчулук, парламенттеги депутаттар, керек болсо КСДПнын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бийликке кызмат кылган адамдар экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Алар кайсыл жакта бийлик болсо, ошол жакка ооп кетишет. Башкача айтканда алар курултайга катышып, бирок, мурунку президенттин сөзүнө теригип чыгып кеткени “жаңы президентке ыктай баштады”- дегенден кабар берет. Анткени, президент аларга кызмат, байлык бере турган маанилүү ресурс. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбековго ооп, экс-президентти сындап, “Сооронбайды жамандай баштаганда чыгып кеттик” дешти. Бирок, бул нерсе КСДПнын ичинде түндүк-түштүк деген маселени козгоп, президент Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин тиреши ачыкка чыкты. Бул жагдай жакынкы убакта эле чоң көрсөткүчкө жетиши мүмкүн.

– Атамбаевдин ТЭЦке Сооронбай Жээнбековду күнөөлүү деген сөздөрү эмнеден кабар берет? Кечээги достор, бири-биринин чыныгы жүзүн ачышабы?

– Адам баласы бири-бирине таарынычтарын айтат. Түшүнүшкөнгө аракет кылат. Бирок, Атамбаев ТЭЦке, бажыдагы коррупцияга Сооронбай Жээнбековду күнөөлөшү аны жүздөгөн массалык маалымат каражаттарынын алдында айтып, ага кандайдыр бир аргументтерди келтирип, документтерди көрсөтүп, күнөөлөөгө аракет кылышы “келишпестик чегине жетти” дегенден эмес, душмандык мамилеге өөо башташты. Анткени, душмандар гана “ал кол койгон, мен күнөөлүү эмесмин”-деп күнөөнүү оодара салып, өзү ак болгонго аракет кылат.

– Айрым аналитиктер Атамбаев азыркы президенттин ишине ачык кийлигишишине Асылбек Жээнбеков тоскоолдук жаратып жатканы үчүн аны мандатынан ажыратуу маселесин көтөрдү дешет. Бул боюнча не дейсиз?

– Сооронбай Жээнбековдун командасындагы эн негизги маанилүү саясый фигура жана анын командасындагы эн күчтүү адам Асылбек Жээнбеков болуп эсептелет. Асылбек Жээнбеков көрүнүктүү тажрыйбалуу саясатчы. Ошондой эле парламенттеги президенттин эң жакын адамы. Ал парламенттен президентке саясый колдоо тапканга, саясый күч жаратканга таяныч болгонго даяр адам. Сооронбай Жээнбеков үчүн Асылбек Жээнбеков чоң ийгилик. Атамбаев үчүн Асылбек Жээнбеков аябагандай чон жоготуу. Эгерде Асылбек Жээнбеков парламентте отура турган болсо, Атамбаев келечекте бийлигин жоготот. Сооронбай Жээнбековго Асылбек Жээнбеков чоң бийликти колуна алганга мүмкүнчүлүк берет. Мен муну бийлик багытында гана айтып жатам. Мамлекет үчүн экөөнүн ортосундагы чатак же болбосо Асылбек Жээнбековдун саясатка аралашышы же аралашпасы эч кандай ийгилик алып келе албайт. Анткени, Сооронбай Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле мамлекетте маанилүү структуралык реформаларды баштоого күчү жоктой сезилип жатат. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгени менен ишти эмнеден башташ керек экенин, эмне кылыш керектигин билбей жатат. Башкача айтканда, Сооронбай Жээнбеков президенттин кандай милдеттери бар, президент кандай иш кылышы керек, президент кандай реформаларды жасашы керек дегенди анча түшүнбөй жаткандай таасир калтыра баштады.

– Фарид Ниязовдун кызматтан кетип, КСДПны баштагыдай эле тескеп, анча-мынча депутаттарын тартипке чакырып, мурунку эле милдетин аткарганы Атамбаевге күч болуп береби?

– Фариддин кызматтан кетиши Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы чатактын башаты болчу. Анткени, Атамбаев С.Жээнбековду өзү алып келген президент катары колунан келишинче аны өзүнүн кадрлары менен курчаганга аракет кылды. Бирок, Фариддин кызматтан кетиши Атамбаевдин пландары кандайдыр бир деңгээлде ишке ашпай жатканынан кабар берген. Башкача айтканда бул чатактын башы гана болгон. Келечекте араздашуу мындан дагы курчуйт. Анткени, Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин досу болгону менен ал башка адам.

Сооронбай Жээнбековдун президент болушу үчүн партия түзөөрү тар чөйрөдө айтылып келген. Курултайга чакырылбаганы анын чындап партия түзгөнүнөн кабар бербейби?

– Мен бул маселеде бир нерсени так билем. Адатта депутаттардын көпчүлүгү кошоматчылар. Алардын көпчүлүгү бизнесин коргош үчүн депутат  болуп келишкен. Ошол жагын эске алганда азыр Атамбаеге караганда Асылбек Жээнбековго ыктагандардын саны көп. Ошон үчүн Төрөбай Зулпукаров, Момбековдор Сооронбай Жээнбековго ыктап, аны мактап, Асылбек Жээнбековду айланчыктап, келечекте саясый жактан максатташ болуп жатышат. Башкача айтканда, Атамбаевдин депутаттары жокко эсе. Атамбаевди унута баштады. Кыскасы, Атамбаев дегенде жеген ашын жерге койгондор бүгүн “Атамбаевдин оң колу болгон Сапар Исаковдун отставкасын ойлонуп жатабыз”- деген ойду кыйыта башташты. Атамбаевди сатпаган, ага жан тарткан депутаттар саналуу эле калганы ачык эле байкалып калды.

– “КСДПнын курултайынан кийин парламент таркайт”- деген кептер айтылчу. Азыр парламентти таркатуу зарылчылыгы барбы?

– Менин көз карашымда жакынкы мезгилде парламенттин тарашына саясый негиз жок. Себеби, парламенттин ичинде бүгүнкү күндө Асылбек Жээнбековдун алдында жаңы партия түзүлүп калды. Ал партия толугу менен Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгына жооп берет. Ал партияга Атамбаевге кызмат кылган, андан корккон регионалист, кошоматчы депутаттардын баары кирди. Ошондуктан, бул парламентти таратууга Сооронбай Жээнбековдо эч кандай негиз жок. Экс-президент Атамбаев парламентти жогото баштады. Эгерде С.Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда араздашуулар күчөй турган болсо, экөө аябагандай чоң кагылышууга барса гана парламент тарайт. Анткени, ар кимиси парламентке ишенимдүү адамдарын алып келип, ошолор аркылуу бийликти колго алууга аракет кылышат. Башкача айтканда, Атамбаев да, Сооронбай Жээнбеков да шайлоого барганга аракеттенишет. Ал эми биз оппозиция катарында бүгүнкү күндө күчүбүз жок. Себеби, оппозициянын көпчүлүгү ачык же жашыруун Сооронбай Жээнбековду колдоп жатышат. Башка багыттагы күчтөрдү колдоп, оппозиция бирдиктүү күч боло албай жатабыз. Бүгүнкү күндө реалдуу күч катарында Сооронбай Жээнбековду жана Атамбаевди айта алабыз. Мына ушул экөө парламенттин тарашына жана тарабашына шарт түзөт.

– Сапар Исаков кызматтан кетип калбайбы? Анткени, анын отставкасын ойлонуп жатабыз деген КСДПчылар четтен чыга баштады го?

– Менин оюмча Атамбаевге Сапар Исаковдун премьер-министр болуп турганы пайдалуу. Эгер башка кишини премьер-министр кылышса, аны Сооронбай Жээнбеков башкарабы же Атамбаев башкарабы деген маселе жаралат. Реалдуу күч катарында Атамбаев чечкенге аракет кылат. Бирок, Сооронбай Жээнбеков жана ага жан тарткан адамдар Атамбаевдин тымызын башкаруусунан кутулууга аракет кылышат. Ошондуктан, Атамбаев колунан келишинче Сапар Исаковду премьер-министр кылып кармап турууга аракет кылат. Негизи, Сапар Исаковду оңой менен кызматтан ала алышпайт. Анын артында Атамбаев деген чон күч бар.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: