Экс-ханзаада Максим Бакиевден азыркы бийликке “мураска” калган “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын аймактагы 48 коттеждин ыры бүткөн менен, арадан сегиз жыл өтсө да чыры бүтпөй келатыр. Бул 12,4 гектар алтынга тете жер өткөн жылы Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу аукционго коюлуп, 142 миллион сомго сатылып кеткен соң гана жабык-жашыруун, арзанга пулданганы белгилүү болгон. Бирок экс-президент К.Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгондугу жана улутташтырылганы айтылып келген. Ал эми журналист Элнура Алканова бул мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган болчу. Ушул чуулгандуу макаладан кийин гана премьер-министр уйкудан чочуп ойгонуп, эч нерсени билбегенсип VIP-шаарчага байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Андан соң өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты “чындыкка төп келбейт” деп, жокко чыгарууну сураган. Бирок журналист да, эл да ал маалыматты жокко чыгара элек. Бул арада Э.Алкановага каршы кылмыш иши козголуп, айыбы да чукул арада угузулду. Адвокатынын айтуусунда, журналист КЖКнын 193-беренеси – “Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу” жана 194-берене – “Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу” боюнча күнөөлөнүп жатыптыр. Демек…
Булак: “Майдан. kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ