Menu

Атамбаевдин кайрадан «тирилип » келишине негиздер бар

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековго алданып калганын ичтен туюп, бирок, резонанстуу кадамдарга азырынча барууга эртелик кыла турганын сезип, убактылуу түрдө артка чегингени байкалды. Дээрлик кадрла-ры кызматгардан кетишти. Эми эмне кылуу керек? Атамбаев үчун бир гана жол бар: эски ыкмасына түшүп, электораты менен жакындан иштешип, ошого катар оппозициялык маанайда пиар иштери аркылуу элдин назарын бурмакчы. Эң башкысы, бүгүн Атамбаевдин финансылык ресурсу күчтүү, кадыр-баркы түшүп калганын кайрадан көтөрүүнүн амалын ойлойт, Бакиев режиминде да мындан жаман акыбалда болчу, кырдаалдан чыгууну, адамдарды өзүнө тартууну билет эй. Дал ушул шартга ал кайрадан бийликке келүүнүн түркүн түстүү амалдары менен иштөөгө жандалбастайт. Бирок, анын жанында кимдер болот? Ушул жагы да маанилүү. Биринчи кадамы – бийликке каршы оппозициялык маалыматтык чабуулду кучөтүү жагынан ык коёру ажеп эмес. Анан парламентти таратуу демилгесин да эл колдойт. Себеби, Жогорку Кеңеште «отко айдаса отко, бокко айдаса бокко кете турган «өлүмсүктөр» отурганын» Сапар Исаков шардана кылды эле, бул жагы коомчулукка жага түштү. Эмесе, далай оюндар алдыда экенине бөркүңөрдөй ишене бергиле…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: