Өлкөбүздүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы далай пара алган чиновниктерди кармап, сот жообуна тарткан менен мектептердеги окуучулардан акча чогулткан коррупциялык көрүнүштү тыя албай койду. Анын кесепетинен мектептер “элиталык” жана “жөнөкөй” деп бөлүнүп, алардын денгээли билим берүүнүн сапатына эмес, мугалимдер менен директорлор чогулткан акчанын суммасына карап аныкталып калган. Демек, ата-энеси акча бере албаган окуучу заматта “начар” окуп, куугунтукка кабылат. Мына ошондой окуя 26-октябрда Бишкектеги №32-мектепте орун алды. Анда 9-класстын президенти болуп шайланган окуучу айына 350 сом бере албагандыгы үчүн класс жетекчисинен жеме угуп, үч күн дайынсыз жоголуп, кайра табылган. Көрсө, ал эжекесинин ызаланткан сөзүнө чыдай албай, мугалимдердин чогулушуна катышып чыккандан кийин кабарын билдирбей кеткен. Дагы жакшы эки күн борбордук мечитте түнөп, үчүнчү күнү өзү жашаган аймактагы химиялык ишкананын чатырында жатканда табылган. Өспүрүмдүн таежесинин айтымында, ал 7-класска чейин жакшы окуган. Мугалими менен директорунун басымынан улам окууга кызыгуусу жоголо баштаган. Ал эми мугалимдердин соңку чогулушунда окуусу начарлап кеткени айтылып, аны мектептен чыгарып салуу боюнча маселе коюлган. Деги биздин мугалимдердин акчаны шылтоолоп окуучуга мындай психологиялык кысым көрсөтүүгө укугу барбы? Билим берүү министрлиги бул жагдайга эмне деп жооп берер экен?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ