Menu

Атамбаевдин жана КСДПнын түбүнө жеткен Фариддин так өзү болгон

Бөлүшүү:

Кайран Фарид Ниязов тиги жакта да жөн жатпай, «жатып өлгүчө, атып өл» болуп ар кандай кайрылуулардын сериясын бириндеп бүткөн КСДП аркылуу жиберип коюп жатат. Анысын окуп атабыз.

Эми менин таң калганым, кечээ жакында эле болуп өткөн Кой-Таш окуясын, «Эң эле ыплас, эң эле уятсыз чайкоочулук» деп баалап, элдин башын айландырган билдирүүсүн жазып, баягы жөө жомогун улантыптыр. Элдин башын айлантып, эки анжы ойдо калтырууга маш болуп калган жаңы окуяны бир сыйра эске салып, калпты чындай, болбогонду болгондой кылып койгулаштырган. Бекеринен Атамбаевдин (АШАнын) башкы идеологу болуп жүргөн эмес экен да. А кишинин башын дагы ушинтип, сабаттуу, акылдуу көрүнгөн сөздөрү менен айландырганын жанында жүргөндөрдүн баары айтып жүрөт.

Бир капталынан жиреп жүргөн шоопуру экөөлөп АША кургурду туура эмес жол менен бастырып, аңга түртүшкөнү жалган эмес да. Башкача айтканда, элдин үнү Ак үйгө жеткени менен АШАга жетпегенине мына дал ушул эки идеолог-сөрөй күнөөлүү. Муну «темирди кызуусунда чаба албаган» парламенттин депутаттары, ошол эле Момбеков менен Строковалар айтып жүрүшпөйбү ар жерде. Бул сөздү жада калса АШАнын бетине да айтышкан. Жогорку Кеңештин депутаты деген бийик наам менен, АШАнын эң жакындары деп саналган абройлору менен булар кире албай калганын ойлоп көрүңүз. Демек, бул эки эргул АШАнын болгон баскан-турганын, ой-туюмун шайтандай эле ээлеп алган тура.

Фарид акыркы билдирүүсүндө «факт ушундай бир өжөр оокат» деп келип, УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевди опузалап, чындыкка дал келбеген, бирок адатынча элдин башын айлаткан жагдайларды тизмектеген экен.

Урматтуу Фарид мырза!

• «Өз башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» деген фактыдан да жогору турган накыл кеп бар. АШАны бүгүнкүдөй абалга алып келип кептеген дал өзүң эмессиңби? Дал ушул сен болбогонуңда, АШАнын учурундагы жөнү жок камоолор болбойт эле. Дал ушул сен болбогонуңда, парламенттин деңгээли мынча түшпөйт эле. Анткени АШАга элде болуп жаткан жагдайларды бетке айтууга келген депутаттарды ар нерселерди айтып шылтоолобой киргизгениңде, элдин үнү Президентке жетет болчу.

• Дал ушул сен болбогонуңда, «Вечерний Бишкек» баштаган гезиттерге басым болбойт эле. Себеби, өзүңдү укмуш идеолог сезип жатып, гезиттердеги ачуу чындыктарга теригип, алардан өч алуунун жолуна түштүң.

• Мындай фактыларды санай берсе чыга берет, урматтуу «идеолох» мырза! Кыскасы, дал ушул сендей адамдар падышаларга чан кенедей жабышып алып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттин кызыкчылыктарын ботко кылып аралаштырганынан улам, өлкөбүз оңоло албай келет!

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: