Menu

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин ашыкча салмагын баалоо критерийлери иштелип чыгат

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 2021-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кызматкерлеринин ашыкча салмагын баалоо критерийлери иштелип чыгып, анын жыйынтыктарын анализдөө жана онлайн-мониторинг кылуу системасы киргизилет.

Бул тууралуу өлкөнүн Дене тарбия жана спорт министрлигинин өкүлдөрү басма сөз жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, мамлекеттик органдар үчүн ошондой эле өндүрүштүк гимнастика менен алектенүүгө арналган атайын тыныгуулар белгиленет.

Мындан тышкары 2021-2022-окуу жылынан тартып мектептердеги бардык класстарга дене тарбия сабагы жумасына эки сааттан бериле баштайт. 1-сентябрга чейин атайын изилдөөлөргө негизделген «Өзбекстандын улуттук спорту менен элдик оюндарынын энциклопедиясы» басылып чыгат.

Министрликтин өкүлдөрү 2020-жылдын аягына чейин Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинде «Дене тарбия жана спорт» басылмасы, ошондой эле басмакана ачыларын кошумчалашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: