Бүгүн, 17-февралда Чүй облустук ооруканасында 46 жаштагы эркек киши өзүнө-өзү бычак сайды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Такталгандай, болжол менен саат 12:30да оорукананын урология бөлүмүндө 46 жаштагы Ш.Б. аттуу киши өзүнө бычак сайып, өмүрүн кыйган.
Свердлов РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу ооруканага барганда алган жаракатынан улам каза болгон адамдын сөөгүн табышкан.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ