Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Черногория Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдугун берди.
Келишим шарттарына ылайык, дипломатиялык паспорту бар эки өлкөнүн жарандары бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.
Белгилей кетсек, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы (виза ачуусуз жүрүү) келишимдер түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ