Menu

Жылуулук борборуна көмүр ташуучу компанияларга бирдей шарт түзүү керек

Бөлүшүү:

Бүгүн,  19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында 2017-2018-жылдарга Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү маселелери талкууланды. Бул туралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, борбор калаанын электр жылуулук борбору ушул жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын февралына чейинки мезгил аралыгында, 250-320 мВт өлчөмүндөгү жүктөм менен иштөөсү мерчемделген. Ага ылайык, Өнөр жай, энергетика жана казынасынын пайдалануу мамлекеттик Комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловдун айтымында, Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна 1 млн. тонна көмүр камдоо тапшырмасы берилген. Анын 500 миӊ тоннасы Кабак көмүр кенинен ташылса, 50 миӊ тоннасы  Таш-Көмүр кенинен алынын, калган 450 миӊ тоннасы импорттук негизде даярдалат. Учурда бардык көмүр ташуучу компаниялар сынактын негизинде аныкталып, камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми эл өкүлдөрү Бишкек электр жылуулук борборундагы жаӊыланууларга ылайык, ата-мекендик көмүрдү пайдалануунун көлөмү артышы керектигин белгилешти.

Депутат Азамат Арапбаев жылуулук борборуна көмүр ташуучу компанияларга бирдей шарт түзүү менен тендер өткөрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: