Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга болгону эки гана жолу чогулушат. Комитет, фракциялардагы жолугушууларды айтпай эле коелу, ушу маанилүү делген жалпы жыйынга жакшыраак катышып бергенге да жарабай жатышпайбы. Мурдагы күнү Кара-Суу шаарындагы шаардык кеңешке болгон шайлоого калыстыгын көрсөтө алышпай жатып, түшкө жетпей эле тарап кетишти.
Кечээ, күн тартибинде чоң, маанилүү «Кумтөр » маселеси каралмак. А биздин Эл өкүлдөрү үчүн ал маселе «чпоку» окшойт, жыйынга 120 депутаттын 19 гана отурду. Э-ээ айланайын депутаттар, элден уялсаңар боло!
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ