Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узартуу зыйнаты эртең, 24-декабрда саат 10:00до А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев 21-декабрь күнү 78 жашында катуу оорудан кийин ооруканадан көз жумган.
«Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири – Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде төрөлгөн. “Караш-Караш окуясы” (1968), “Ак кеме” (1975), “Бөрү зындан” (1983), “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” (1971), «Эрте жазда келген турналар» (1979) ж.б. тасмаларды тарткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ